Биз менен байланышыңыз

«Ас-Салам» фонду уюштурган социалдык жоопкерчилик жөнүндө конгресс болуп өттү

Коом , Экономика | 26 Авг 2021 | 1187 | 0

Бүгүн, 26-августта Кыргызстанда алгач ирет социалдык жоопкерчилик боюнча эл аралык конгресс болуп өттү. «Ас-Салам» кайрымдуулук фонду уюштурган иш-чарага тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев, фонддун негиздөөчүсү Набель Альоун жана бир катар элчиликтердин өкүлдөрү катышты. Иш-чарада социалдык жоопкерчиликти чыңдоо маселеси талкууланып, аны өнүктүрүү боюнча бир топ сунуш-пикирлер айтылды. 

Учурда жардам керек болгон жарандардын муктаждыктарын чечүү максатында мамлекеттин ичинде бир нече фонддор түзүлгөн. Алардын бири «Ас-Салам» кайрымдуулук фонду 10 жылдан бери өлкө калкына ар кандай гуманитардык жардамдарды көрсөтүп келет. Фонддун президенти Нурмухаммед Миңбаев социалдык маселелер боюнча конгресс өлкөдө биринчи жолу өтүп жатканын белгилеп, иш-чаранын негизги максаты тууралуу айтып берди.

«Чет өлкөлүктөр менен чогуу иштешип жатабыз. Социалдык жоопкерчиликти чыңдоо максатында бул конгрессти уюштурдук. Бул жерде биздин утушубуз: эл аралык аренада өзүбүздү таанытуу. Социалдык жаатта биз да өзүбүздүн жоопкерчилигибизди сезели. Кээде айттырбай келген кырсык болот. Жакшылык, жамандык болуп турат. «Кандай гана социалдык көйгөй болбосун, ошол учурда бири-бирибизге кандай жардам көрсөтө алабыз? Кантип бири-бирибизге жөлөк болуп, өйдө түртө алабыз? «Жабыла көтөргөн жүк жеңил» дегендей, канткенде биргелешип жардам көрсөтөбүз?» — деген маани».

«Ас-Салам» кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү Набель Альоун социалдык жоопкерчилик жаатында дүйнөлүк конференция экинчи жолу өтүлүп жатканын, бул ирет Кыргызстанда уюштурулганын белгиледи. Ал бул иш-чаранын негизинде Кыргызстанда жардамга муктаж үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүүгө жол ачылып жатканын айтты.

«Бүгүн, 26-август дүйнөлүк экинчи конференция Кыргызстанда өтүп жатканына аябай кубанычтабыз. Бул иш-чара БУУнун башкы катчысынын кеңешчиси Абдулла Аль-Маатук жана Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун колдоосу менен өтүп жатат. Конгресс мындан да жогору деңгээлге чыгат деген ниеттебиз. Бүгүнкү жыйындын уюштуруучуларына ыраазычылык билдиребиз. «Ас-Салам» фонду биринчилерден болуп БУУга өнөктөш катары кирди. Фонддун мындан кийинки ишине ийгиликтерди каалайбыз жана биргеликте бир топ жакшы иштерди аягына чыгарабыз деген ойдомун».

Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкон эл аралык кайрымдуулук фонддор, конгресстер менен иштешүүдө мамлекет ар дайым колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

«Бүгүн жакшы иш-чара өтүп жатат. Бул иш-чаранын алкагында көптөгөн социалдык жардамга муктаж жарандарыбызга көмөктөшүү программалары өз ишин улантууда. Бул биз үчүн кубанычтуу жаңылык десек болот. Мамлекет ушундай бир тууган катары колдоп, жардам көрсөткөн чет элдик жана эл аралык уюмдарга ыраазычылык билдирет. Булар ушул убакка чейин бир нече мектептерди, бала бакчаларды салып, ар кандай керектүү жардамдарды берип келишет. Биз да аларга мамлекет тарабынан колдон келген жардамды берип жатабыз».

«Ас-Салам» кайрымдуулук фондуна айына 200дөй адам жардам сурап кайрылат. Өлкөдөгү ар бир жарандын социалдык деңгээли бирдей болушу маанилүү жана бул теңдикти сактоодо кайрымдуулук фонд өз жардамын берүүгө даяр. Белгилей кетсек, «Ас-Салам» фонду БУУга расмий өнөктөш болду.

Copyright © 2017 Maral FM