Биз менен байланышыңыз

«Улуу Талас салгылашы» болуп өткөн жерге «Атлах Ордо» музей комплекси салынат

Блог , Кыска кабар , Маек | 23 Авг 2021 | 6855 | 0

Биздин замандын 751-жылы Талас дарыясына жакын Атлах шаарында (азыркы Манас району) Кытайдын Тан династиясы менен Араб халифатынын кандуу кармашы өткөн. Согуш Араб халифатынын жеңиши менен аяктап, Ислам дининин азыркы Борбордук Азияга жайылуусуна зор таасири тийген. «Атлах согушу» же «Улуу Талас салгылашы» деген ат менен тарыхта калган бул уруш дүйнөдөгү 10 чоң согуштун катарына кирет.

Ушул окуянын болуп өткөнүнүн 1270 жылдыгына карата Талас облусунун жетекчилиги демилге көтөрүп, үстүбүздөгү жылдын 27-майында Манас районунун Чоң-Капка айылында атайын монумент тургузулган. Буга удаа эле ЖИА бизнес ассоциациясы уюштурган «Көчмөн бизнес аянтча-2021» иш-чарасында «Атлах Ордо» музей комплексин куруу демилгеси көтөрүлдү. Иштин демилгечиси, комплекс куруу долбоорунун автору Гамал Сооронкулов менен ат жалында баарлашкан элек. Ошол маекти сиздерге тартуулайбыз.

— Гамал мырза, «Атлах Ордо» долбоору, анын жаралуу идеясы боюнча айта кетсеңиз… 

— Кыргызстандын тарыхындагы эң маанилүү окуя — 751-жылы Талас облусунун азыркы Манас районунда болгон «Улуу Талас салгылашы». Бул окуя дүйнө тарыхындагы эң атактуу 10 согуштун катарына кирет. Мына ошол нерсенин тарыхый маанисин, туристтик мүмкүнчүлүгүн эске алып, «Атлах Ордо» долбоорун демилгеледик. Азыр ошонун үстүндө иштеп жатабыз.

— Комплексте эмнелер камтылат? 

— Биз бул долбоорду комплекстүү долбоор болот деп жатабыз. Эң биринчи эле дүйнөлүк масштабдагы чоң тарыхый музей ачылат. Тарыхка кайрыла турган болсок, азыркы Талас өрөөнү турган аймакта 50-60тай байыркы шаар болгон. Алардын баарын изилдеп чыкпасак да, жок дегенде беш-алтысын изилдеп, тарыхый табылгаларды музейге деп чогулта баштадык. Демек, ал жерде «аалам цивилизациясынын борбору» маанисиндеги музей, руханий борбор болушу керек. Ошондой эле Чоң Көл ири курулушун, салбуурун өткөрүү жайын да киргиздик. Андан тышкары эс алуу жайлары, спорт аянтчалары, той-маараке өткөрүү жайлары да камтылат.

— Долбоорго мамлекеттин көз карашы кандай? Жергиликтүү эл кандай кабыл алууда? 

— Биз Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен меморандумга кол койгонбуз. Кыргызстандагы белгилүү археологдор менен, Талас мамлекеттик университетинин тарых факультети менен биргеликте иш жүргүзүп жатабыз. Ал эми жергиликтүү тургундар менен атайын жолугушууларды өткөрүп, долбоордун маанисин, туризм тармагына, экономикага тийгизе турган таасирин түшүндүрүп айтып жатабыз.

Долбоордун курулушу канча убакытта аяктайт?

— Баары инвестицияга байланыштуу. Эгерде шериктер, демөөрчүлөр тарабынан каржы маселеси чечилсе, анан да бийлик тарабынан бут тосуулар, бюрократиялык тоскоолдуктар болбосо, 3 жылда ишке киргизсе болот.

— Маегиңиз үчүн чоң рахмат.

Маектешкен: Калыс Жумадилов

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM