Connect with us

Чек арада курман болгон аскердин үй-бүлөсүнө батир берилет

Кыска кабар | 10 Июл 2021 | 922 | 0
Сүрөт "Спутник Кыргызстан" сайтынан алынды

Кыргызстан менен Тажикстандын аскерлеринин чек арадагы куралдуу кагылышуусу учурунда каза тапкан Хуснидин Хожиевдин үй-бүлөсүнө батир берилет. Бул тууралуу маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатында Баткен облусунун жетекчиси Абдикарим Алимбаев айтканын «Спутник Кыргызстан» маалымат кызматынын жергиликтүү кабарчысы билдирген.

Маалым болгондой, Президент Садыр Жапаров аскердин жакындарына көңүл айтып, үй-бүлөсүнө Баткен шаарында курулуп жаткан үйлөрдүн биринен батир берүүнү облус жетекчилигине тапшырган.

27 жаштагы Хуснидин Хожиевдин сөөгү бүгүн өзү туулган Лейлек районунун Бешкент айылында жерге берилди. Маркумдун артында бир уулу жана кош бойлуу келинчеги калды.

Чек арачылардын кагылышында курман болгон аскердин сөөгү жерге берилди

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM