Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-тажик чек арасындагы окуяда жабыркагандар салыктан бошотулат

Кыска кабар | 2 Июл 2021 | 498 | 0

Быйыл 28-апрелден 1-майга чейин кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылышта жабыркаган жарандарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү тууралуу токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Токтом долбоор Экономика жана каржы министрлиги тарабынан даярдалган.

Документте айтылгандай, апрель айында кыргыз-тажик чек арасында болгон окуя өзгөчө кырдаал деп таанылат. Баткен облусунун чек ара аймагындагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиясы тарабынан бекитилген жабыркагандардын тизмесине кирген жарандар 1-апрелден 31-декабрга чейин салыктан бошотулушат. Ошол эле учурда ал жеңилдиктер тоо-кен, акциздик товарларды чыгарган ишканаларга жана мунайзатын саткандарга берилбейт.

Жабыркагандардын тизмесине киргизилип, мунайзат сатып иштегендер 1-октябрга чейин салык бересеси боюнча 1 жылдан ашпаган убакытка бөлүп же кечиктирип төлөө арызы менен кайрыла алышат. Арыз калтырууда банктык кепилдик боюнча документти көрсөтүү талап кылынбайт. Ошондой эле 1-октябрга чейин 1-апрелден 30-сентябрга чейинки аралыкта пайда болгон камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча бересесин 1 жылдан ашпаган мезгилге бөлүп же кечиктирип төлөө арызы менен кайрылууга болот. 1-апрелден 1-октябрга чейин камсыздандыруу төлөмү убагында төлөнбөгөндүгү үчүн туум эсептелбейт.

Эскерте кетсек, апрель айынын аягында кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылышта Кыргызстан тараптан 36 киши каза болуп, 180ден ашык адам ар кандай жаракат алган. 50 миңден ашык турун үйүн таштап кетүүгө аргасыз болгон.

Токтом долбоору менен толук таанышуу үчүн көчүрүп алса болот (орус тилинде)

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM