Биз менен байланышыңыз

Тажикстан менен Орусия кооптуу жагдайларда көмөктөшүүгө макулдашты

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Июл 2021 | 628 | 0

Тажикстан менен Орусия кооптуу жагдайларда көмөктөшүүгө макулдашты. Бул тууралуу «ТАСС» агенттиги жазды.

Тажикстан парламентинин басма сөз кызматы билдиргендей, кечээ, 1-июлда Тажикстан Улуу Жыйынынын жогорку палатасынын төрагасы Рустами Эмомали менен Орусия Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин Душанбеде өткөн ЖККУнун Парламенттер аралык Ассамблеясынын Кеңешинин отурумунун алкагында жолугушуп, коргонуу жана коопсуздук тармактарында кызматташууну, Ооганстандагы кырдаалды талкуулашкан.

«Ооган чек арасындагы туруксуз жана белгисиз кырдаал ооган маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууну, күжүрмөн даярдыкта болууну жана Орусия менен коргонуу, коопсуздук жана аскерий-техникалык багытта кызматташтыкты күчөтүүнү талап кылат», — деп айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM