Биз менен байланышыңыз

Журналист Станбек Усупов дүйнө салды

Кыска кабар | 2 Июл 2021 | 292 | 0

Кыргыз интеллигенциясы оор жоготуга учурады. 88 жаш курагында журналист Станбек Усупов дүйнөдөн кайтты.

Станбек Усупов 1934-жылдын 5-майында Жети-Өгүз районунун Боз-Бешик айылында туулган.

1958-жылы Казак мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган.

Станбек Усупов эмгек жолун «Ленинчил жаш» гезитинде адабий кызматкер катары баштап, бөлүм башчы, редактордун орун басары, редактор болуп иштеген.

1967-1970-жылдары КПСС БК алдындагы Коомдук илимдер академиясынын аспирантурасында окуп, тарых илими боюнча кандидаттык диссертациясын жактаган.

1971-1974-жылдары – «Ысык-Көл правдасы» гезитинде редактор, 1976-жылга чейин «Советтик Кыргызстан» гезитинде редактордун орун басары болуп иштеген.

1976-1986-жылдары – «Кыргызстан коммунисти» журналынын башкы редактору, 1986-1992-жылдары Кыргыз телеграф агенттигинин (КыргТАГ– Кыргыз Кабар – Кабар) директору болуп иштеген.

2000-жылдан тарта Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүндө жана факультетинде профессордук милдетин аткарган.

Көп жылдык ак ниет эмгеги үчүн 1981-жылы Станбек Усупов «Ардак белгиси» ордени менен сыйланган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен бир нече жолу сыйланган.

1988-жылы Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген журналисти ардактуу наамы берилген. «Кыргыз Республикасынын элге билим берүүсүнүн отличниги» төш белгиси жана «Даңк» медалы менен сыйланган.

Станбек Усупов көп жылдар бою СССР Журналисттер союзунун жана СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.

Станбек Усупов улутубуздун баалуулуктарын даңазалап, жаштарга тарбия берүүдө зор эмгек сиңирген инсан катары өмүр сүрдү. Адамгерчилиги бийик, өз кесибинин мыкты адиси болгон чыгаан жазуучу, журналист Станбек Усуповдун элеси ар дайым жүрөгүбүздө сакталат, үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

Иманалиев К. О., Кожоев М. К., Султанбаев Э. А., Н. Марс, Э. О. Сазыков, Байтерек Г. Дж., Айдаркулов М. К., Мейматкулов Р. М., Балташев И. А., Сарногоева С. С., Таабалдиев К. А., Алиев Б. Ж., Догдурбеков Э. Д., Мусаев А. И., Аленов Б. А., Тыналиев М. Б., Султанбаев А. Д., Рыскулов А., Ишенкулов Т., Халилов А., Матисаков А., Раматов К., Момунов Н.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM