Биз менен байланышыңыз

Эгемендиктин 30 жылдыгына карата 4 миңден ашык соттолгон адамга мунапыс берүү сунушталууда

Кыска кабар | 2 Июл 2021 | 1063 | 0

Кечээ, 1-июлдан тарта «Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгына байланыштуу мунапыс берүү жөнүндө» мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Ал мыйзам долбооруна ылайык 4 миңден ашык соттолгон адамга мунапыс берүү сунушталууда. Алардын бир бөлүгү мунапыс менен эркиндикке чыкса, башкаларынын жаза өтөө мөөнөтү кыскартылат.

Мыйзам долбоорунун 1-беренесине ылайык анча оор эмес жана оор кылмыштарды жасап соттолгондорду бошотуу сунушталган:

1) 60 жаштан жогорку курактагы эркектер, ошондой эле 55 жаштан жогорку курактагы аялдар;

2) I жана II топтогу майыптар;

3) жашы жетпеген экиден кем эмес балдары же I жана II топтогу майып балдары бар, үй-бүлөдө жалгыз багуучу болгон адамдар;

4) анча оор эмес кылмышты биринчи жолу жасагандар;

5) ушул мыйзам күчүнө кирген күнү жазасынын өтөлбөй калган бөлүгү бир жылдан кем болгон аялдар жана жашы жетпегендер.

Бул берене боюнча 153 киши эркиндикке чыгышы мүмкүн. Ошол эле учурда 1-беренедеги ченемдер (мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 1-3-пунктулары) ѳзгѳчѳ оор кылмыштарды жасаган адамдарга колдонулбайт.

Мыйзам долбоорунун 2-беренесинде белгиленген айрым беренелер боюнча издөөдө жүрүп, бирок аталган мыйзам күчүнө кирген күндөн кийин 3 ай ичинде өз ыктыяры менен келгендер  жаза өтөөдөн бошотулат (951 киши, издөөдө жүрөт).

Ошондой эле 3-беренеге ылайык жасаган кылмышынын оордугуна жараша айрым жарандардын (3 миң 127 киши) жаза өтөө мөөнөтү кыскартылат.

Мыйзам долбоору менен бул жерден толук таанышууга болот

Мыйзам долбоорунун маалымкат-негиздемеси

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM