Connect with us

Акыркы суткада 1485 адамдан коронавирус табылып, 10 бейтап каза болду

Кыска кабар | 2 Июл 2021 | 1825 | 0

Кыргызстанда 2 -июлга карата коронавирус дагы 1 миң 485 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматулаев «Маралга» билдирди.

Бишкек шаарында – 923, Ош шаарында – 33, Чүй облусунда – 165, Ош облусунда – 109, Талас облусунда – 22, Нарын облусунда – 24, Ысык-Көл облусунда – 38, Жалал-Абад облусунда – 91, Баткен облусунда – 80 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 571 адам илдеттен сакайган.

Мындан сырткары сутка ичинде COVID-19 илдетинен 10 бейтап каза болду.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 127 миң 870 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 111 миң 269 киши айыгып чыкса, 2 миң 19 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM