Биз менен байланышыңыз

Жайкы окутуу. Мугалимдер Кырчын жайлоосуна барышты

Кыска кабар | 2 Июл 2021 | 494 | 0

Ысык-Көлгө жайкы окутууга келген мугалимдер 1-июль күнү Кырчын жайлоосуна барышты.

Анда алар сармерден уюштуруп, улуттук кийимдер менен бийлеп, көңүлдүү убакыт өткөрүштү.

Мындай саякат III республикалык жайкы окутуунун алкагында болуп жатат. Аны «Мугалим» илимий-педагогикалык журналы уюштурган.

Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында 27-июндан 3-июлга чейин өлкөнүн бардык аймактарынан келген мугалимдерге күн сайын окутуулар өтүүдө. Мындан тышкары, ар кандай маданий, спорттук иш-чаралар өтүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM