Биз менен байланышыңыз

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине оор инженердик техникалар тапшырылды (сүрөт)

Кыска кабар | 1 Июл 2021 | 195 | 0

Бүгүн, 1-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүлгөндүгүн 30 жылдыгына арналган салтанатуу иш-чара болуп өттү. Анын жүрүшүндө Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Азия өнүктүрүү банкынын «Суу ресурстарын жаратылыштын өзгөрүшүнө жана табигый кырсыктарга туруктуулугун жогорулатуу» долбоорунун алкагында алынган оор инженердик техникалар тапшырылды.

Бул техникаларга өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча иш-чараларды жүргүзүү үчүн иштелип чыккан ар кандай модификациядагы 28 экскаватор, 8 жүктөгүч, 7 бульдозер, 2 автогрейдер, 8 кран-манипулятор, 4 автокран, 10 самосвал, 2 көчмө авто оңдоочу жай, 4 күйүүчү май ташуучу унаа, 40 тонна жүк көтөрүмдүүлүккө жарамдуу 8 трал менен трактор, 2 кичи автобус жана 2жеңил унаа кирет.

ӨКМ мындай өтө көп сандагы оор инженердик техникаларды алгачкы жолу алып жатат.

Техникалар өлкөбүздүн аймагындагы ӨКМдин башкармалыктарына таратылып, өзгөчө кырдаалдардын, табигый жана техногендик кырсыктардын алдын алууга колдонулат.

Эскерте кетсек, быйыл Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүлгөнүнө 30 жыл, Өрткө каршы кызматтын түзүлгөнүнө 95 жыл толду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM