Биз менен байланышыңыз

Кыргыз эл артисти Балбай Алагушов дүйнө салды

Кыска кабар | 1 Июл 2021 | 374 | 0

Кыргыз музыкалык маданияты оор жоготууга учурады. Кыргыз Республикасынын эл артисти, журналист, публицист, этнограф, музыка таануучу, окумуштуу, энциплопедист, адабиятчы, сынчы, жыйноочу-иликтөөчү, телерадио журналист Балбай Алагушов дүйнө салды.

Балбай Алагушов 1936-жылы 5-майда Тоң районундагы Кызыл-Дөбө айылында туулган.

1959-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин, 1973-жылы Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайды бүтүргөн.

1959-65-жылдары «Кыргызстан пионери» гезитинде бөлүм башчы болгон.

1965-85-жылдары Кыргызстандын Илимдер академиясынын философия жана укук институтунун эстетика жана өнөр таануу секторунда илимий кызматкер болгон.

1985-1998-жылдары «Кыргызстан», «Адабият» басмаканаларында бөлүм башчы болуп иштеген.

Алагушев 1997-жылдын 7-июнунан тарта «Азаттыкта» штаттан тышкаркы кабарчы болуп иштеп, радио аркылуу кыргыздын чыгаан композиторлорун, акындарын, ырчыларын, күүчүлөрүн, комузчуларын, кыякчыларын жана алардын көөнөргүс мурасын калайыкка тааныштырып келген.

Балбай Алагушов Журналисттер союзунун, Жазуучулар союзунун, Кыргызстан союзунун мүчөсү болгон.

«Кыргыз музыкасы» ( энциклопедия) баштаган элүүгө чукул китептин, орто мектептер үчүн музыка сабагы боюнча окуу куралдарынын, 5-8-класстар үчүн «Музыка» китебинин автору.

1986-жылы «Эмгектеги артыкчылык» медалы, 1995-жылы «Манас-1000» медалы, 1990-жылы Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамы, 2011-жылы Кыргыз Республикасынын эл артисти наамы менен сыйланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM