Биз менен байланышыңыз

Унаа жолдорун оңдоо иштери акчанын бөлүнүшүнө жараша жүргүзүлүүдө

Экономика | 30 Июн 2021 | 3851 | 0

Бүгүнкү күндө магистралдык унаа жолдорду оңдоп-түзөө, асфальт төшөө боюнча 12 инвестициялык долбоор ишке кирди. Аталган долбоорлор донор-өнөктөштөрдүн каражатынын эсебинен жүзөгө ашырылууда. Алдыда мындан сырткары дагы 4 долбоор даярдоо баскычында турат. Бул маалымат Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан уюштурулган жыйында айтылды.

Унаа жолдорун оңдоп-түздөө иштери акчанын бөлүнүшүнө жараша аткарылууда. Инвестициялык долбоорду ишке ашыруу тобунун директорунун орун басары Санжар Асаналиев 2021-жылга карата жалпы инвестициялык долбоорлор боюнча 84,1 км жолго асфальт төшөө иштери каралып, учурда 32 км жолго асфальт басылганын билдирди.

«Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолу» долбоорунун жалпы узундугу 433 километрди түзүп, учурда инвестициянын жалпы суммасы 937,4 млн долларды түзгөн. Анын ичинен 560 млн доллары сарпталып, 193 км жолго асфальт төшөлгөн. Буга 1,4 км узундуктагы эки эстакадалык көпүрөнүн курулушу жана 3,8 км узундуктагы туннелдин курулушу камтылган. Мындан тышкары Бишкек-Ош автомобиль жолунун жалпы узундугу 657 километр болду. Инвестициянын жалпы суммасы 456,7 млн долларга барабар жана анын 317,8 млн доллары сарпталды. Бүгүнкү күндө иштер жалпы узундугу 112 км болгон эки тилкеде: Бишкек – Кара-Балта жана Маданият – Жалал-Абад жолунда жүргүзүлүүдө. Бишкек – Ош унаа жолун салуу 2023-жылы бүтөрү күтүлүүдө».

Министрликтин алдындагы көзөмөлдү камсыздоо жана кабыл алуу бөлүмүнүн башчысы Акылбек Мусабаев Баткен облусундагы чек арада жайгашкан жолдордун курулушун улантуу жана ал жердеги жаңжалдан жабыркаган объектилерди кайрадан куруу иштери кызуу жүрүп жатканын белгиледи.

«Жазында чыккан чек ара жаңжалынан кийин 12 км жолго асфальт төшөлдү. Мындан сырткары 3 километрге жакын жолдун оңдоо-түздөө иштери калды. Өлкөнүн бардык аймактарында сел жүрүүдөн, суу ташкындан жабыркаган жолдорду убагында калыбына келтирдик. Быйылкы жылдагы планда өткөөл жана объектилерге 10 км асфальт төшөө жумуштары жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө 17 км жолго асфальт төшөө иштери аткарылып бүттү. Ал эми калган жерлер афстальт төшөөгө даярдалып жатат. 1 айдын ичинде астфальт басуу иштери аяктайт».

Жарандык авиация агенттигинин директорунун орун басары Үсөн Кариевдин айтымында, Кыргызстандын авиакомпаниялары Европа Биримдигинин «кара тизмесинен» чыгуу үчүн бир катар иштерди жасап жатышат.

«2020-жылдын 25-ноябрында Европадагы авиациялык коопсуздук агенттигинин өкүлдөрү менен болгон видеоконференцияда, Европа Биримдигинин эксперттери тарабынан баа берүү үчүн кыргыз тарап бир катар тиешелүү документтерди жөнөтүшү керек деп макулдашылды. Андан кийин аудитордук топ жеринде текшерүү жүргүзүү үчүн Кыргызстанга учуп келишет, андан соң Европа Комиссиясына акыркы отчет жөнөтүлөт. Учурда Кыргызстан Европа Биримдигинин талаптарына ылайык документтердин топтомун даярдап жатат. Мындан сырткары мамлекет тарабынан чет өлкөлүк жарандарды эмдөөдөн өткөнүн тастыктаган маалымкаты жана ПЧР-тесттин анализи менен кабыл алуу алгоритми иштелип чыккан».

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM