Биз менен байланышыңыз

ЖККУ тажик-ооган чек арасындагы кырдаалга байланыштуу Тажикстанга жардам көрсөтүүгө даяр

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Июн 2021 | 336 | 0

Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюму (ЖККУ) Ооганстан менен болгон чек арадагы кырдаалга байланыштуу Тажикстанга жардам көрсөтүүгө даяр. Бул тууралуу Уюмдун маалымат катчысы Владимир Зайнетдинов билдиргенин «Риа Новости» жазды.

Анын айтымында, азырынча Тажикстан уюмга жардам сурап кайрыла элек.

«Тажикстан жардам сурап кайрылса, ЖККУ тарабынан келишимде жана уставда каралган бардык тиешелүү көмөк көрсөтүлөт: ал саясий, аскерий жана аскерий-техникалык жардам болушу ыктымал», — деди ал.

Эскерте кетсек, АКШ аскерлерин чыгарып кете турганын билдиргенден кийин Ооганстанда «Талибан» кыймылы менен өкмөт аскерлеринин кармашы күч алды. Аталган кыймыл өлкөнүн түндүгүндөгү Тажикстанга чектеш айрым райондорду басып алган. Куралчан согушкерлер менен болгон кармаштан улам Ооганстан өкмөтүнүн 150дөн ашык аскери Тажикстандын аймагына качууга аргасыз болгон.

Ооганстандан Тажикстанга 17 аскер качып кирди

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM