Биз менен байланышыңыз

Саясат талдоочу: Талиптер Борбор Азияга коркунуч жаратпайт

Кыска кабар , Пикирлер | 29 Июн 2021 | 831 | 0

Талиптер ЖККУга жана Борбор Азияга коркунуч жаратпайт. Мындай пикирин саясат талдоочу Азамат Темиркулов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, талиптер ар дайым Афганистандагы өздөрүнүн ички иштери менен алек болуп келген. Азыр деле өз иштери менен алек. Болгону учурда Афганистандын аймагында талиптерге баш ийбеген ИГИЛ, «Аль-Каида»жана башка эл аралык террористтик уюмдар, анын ичинде Өзбекстандын Ислам кыймылы жана тажик оппозициясынын бир бөлүгү сыяктуу ар кандай күчтөр бар. Борбор Азияга дал ошолор коркунуч жаратат.

«Анткени талиптер Афганистандын түндүгүн басып алышса, башка кыймылдарга же  талиптерге баш ийүүгө, же Өзбекстан, Тажикстанга качып кирүүгө туура келет. Ошондо коркунуч «Талибан» тараптан эмес, качып киргендер тараптан болот. Себеби, Өзбекстанда да, Тажикстанда да авторитардык бийликке нааразы болгондор бар. Аларды колдонуп, өлкө ичинде башаламандыктарды уюштуруп жиберүүлөрү мүмкүн»,  -дейт саясат талдоочу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM