Биз менен байланышыңыз

Азамат Темиркулов: Талиптер Тажикстандан жардам болот деген үмүттө

Кыска кабар , Пикирлер | 29 Июн 2021 | 3405 | 0

Талиптер Тажикстандан жардам болот деген үмүттө алар менен чектешкен аймактарды өз колуна алып жатат. Мындай пикирин саясат талдоочу Азамат Темиркулов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Афганистандын уникалдуулугу аны эч кандай сырткы күчтөр көзөмөлдөй албаганында. Бул анын рельефи, тоолуу аймакта жайгашканы менен байланыштуу.

«Андыктан, Орусия Советтер Союзу кетирген катаны, АКШ кетирген катаны кайталабайт деген үмүт бар. Биз азыр АКШ Афганистандан аскерлерин жөн гана чыгарып кетип жатканын эмес, качып баратканын көрүп турабыз», — дейт серепчи.

Ал талиптер азыр Дохада жетишилген макулдашууларды ачык эле бузуп жатканын  кошумчалады. Жана Тажикстан менен чектешкен райондорду басып алып жатканын, тажиктерден үмүт этип жатканы менен түшүндүрдү.

«Алар Тажикстан менен чектешкен эки чек ара постун басып алышты. 22-июнда тажик-афган чек арасындагы “Шерхан-Бандар” өтмөгүн басып алышты. Ал жактан Индия, Пакистан, Ирандан товарлар келип турчу. Кечээ эле чек арадагы экинчи постту басып алышты.  Алар түндүктөгү Тажикстан менен чектешкен аймактарды өз колуна алууга аракет кылып жатышат. Анткени талиптер Тажикстан тараптан жардам болот деген үмүттө», — дейт Темиркулов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM