Биз менен байланышыңыз

Азамат Исмаилов: Инвестор табуу ишин ар бир облус өз колуна алышы зарыл

Кыргызстанга инвестор табуу ишин ар бир облус губернатору өз колуна алышы керек. Мындай пикирин Кыргызстандын Украинадагы Соода палатасынын өкүлү, ишкер Азамат Исмаилов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Ал өз сөзүндө Украинаны мисал келтирип, ал жакта ар бир облуста өзүнчө инвестициялык форумдар өтүп турарын белгиледи.  Жана чет мамлекеттен ири инвестор издей бербей, сырттагы мекендештерге да көңүл буруу зарылдыгын кошумчалады.

«Мисалы: Ысык-Көл облусунун губернатору ошол региондо төрөлүп-өсүп, башка өлкөдө ийгиликтерге жеткен 20 чакты ишкерди таап туруп, аларды мекендин өнүгүүсүнө салым кошууга чакырса болот. Биздин ар бир ийгиликтүү мекендешибиз Кыргызстанга инвестиция кылгандан баш тартпайт. Биринчи өзүбүздөн баштасак, анан башка өлкөдөгүлөр аны көрүп келип башташат. Жылына ар бир облус бирден инвестициялык форум өткөрсө, бизде 30 мамлекеттин элчилиги бар, аларга губернаторлор өздөрү кайрылып, экиден болсо дагы бизге ишкер алып келип бергиле десе, 60 ишкер келмек. Ошолордун 3-4ү эле кызыгып, облуска инвестиция кылса, бул дагы — жыйынтык», — дейт ишкер.

Анын пикиринде, инвестициялык форумдарды алгач облустук деңгээлде, кийин мамлекеттик деңгээлде өткөрсө болот.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM