Биз менен байланышыңыз

Түркмөнстанда жаңы суу сактагычтын курулушу башталды

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Июн 2021 | 348 | 0

Түркмөнстанда жаңы суу сактагычтын курулушу башталды. Бул тууралуу orient.tm агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, «Каракумдерьягурлушик» ишканасынын кызматкерлери суу сактагычка суу агып келүүчү каналдын курулушун баштаган. Каналдын узундугу 14 чакырымды түзөт.

Ал жасалма көл Лебап облусундагы Түркмөнстандын көз карандысыздыгынын 15 жылдыгы (мурдагы аты Зеид) суу сактагычынын түштүк-батышында жайгашат.

Суу сактагычка суу Аму-Дарыясынан алынып, негизинен ал дарыяда суу кирген убакта толтурулуп турат. Анын сыйымдуулугу 4 млрд куб метрди түзөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM