Биз менен байланышыңыз

Окуу жайларга онлайн тапшыруу боюнча кеңеш берген ишеним телефону ишке кирди

Кыска кабар | 25 Июн 2021 | 252 | 0

Бишкектеги И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин базасында абитуриенттердин окуу жайларга онлайн режиминде өтүүдө жардам көрсөтүү үчүн 1818 ишеним телефону иштей баштады. Бул тууралуу маалымат жыйында Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров кабарлады.

1818 ишеним телефонуна үй телефон менен чалуу акысыз, ал эми чөнтөк телефон менен кайрылганга акы алынат.

Ошондой www.2020.edu.gov.kg порталында окуу жайларга кантип өтүү керектигин түшүндүргөн видеолор жайгаштырылган.

Мындан тышкары, онлайн каттоо боюнча бардык суроолорду электрондук почта дарегине жөнөтсөңүз болот: abiturientonline2021@gmail.com.

Быйыл Кыргызстанда жалпы ресубликалык тестирлөөгө 44 миң 416 бүтүрүүчү катышты. 110 баллдан жогору алгандар – 25 миң 284 абитуриент. Бул жалпы бүтүрүүчүлөрдүн 60 пайызы.

Ал эми 105 балл алгандардын саны 28 миң 110го жетти.

Былтыр жалпы республикалык тестирлөөгө 43 миң 963 бала катышкан. Босого баллдан өткөндөр 25 миң 332ни түзгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM