Биз менен байланышыңыз

Манас Саматов: Бүтүндөй ирригациялык системаны санариптештирүү керек

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Июн 2021 | 592 | 0

Кыргызстанда бүтүндөй ирригациялык системаны санариптештирүү керек. Мындай пикирин фермер Манас Саматов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, учурда дүйнөдө сууну үнөмдүү пайдалануунун жаңы технологиялары көп.  Аларды колдонуу менен сугат суу тартыштыгы маселесин түп тамырынан чечсе болот. Бирок мамлекет бул багытта эч кадам жасабай жатат.

«Тамчы сугат системасы, жамгыр сугат системасы, жер асты сугат системасы деген жаңы технологиялар бар. Азыр өзгөчө Чүйдө суу тартыштыгы көп болуп жатат. Бул аймакка жамгыр сугат системасын алып келиш керек. Анткени, Чүйдүн талааларына арык менен суу кое берсең, жерге сиңип кете берет», — дейт фермер.

Манас Саматов учурда дүйнөдө сууну мөңгүдөн түшкөндөн баштап, дыйкандын талаасына келгенге чейин көзөмөлдөп туруу мүмкүнчүлүгү бар экенин айтып, биз дагы ошол системага өтүшүбүз керектигин кошумчалады.

«Менин сунушум — бүтүндөй ирригациялык системаны санариптештирүү. Техникалык жактан алып караганда, учурда дүйнөдө мөңгүлөрдүн абалына мониторинг киргизгенге мүмкүнчүлүк бар. Мөңгүдөн баштап,  фермердин талаасына жеткенге чейин сууну көзөмөлдөп турганга мүмкүнчүлүктөр бар. Бизде болсо, бул багытта мүмкүнчүлүктөрүбүз — нөл. Сууну өлчөгөн кишинин өзү жок. Арык бойлоп, ат минип жүргөн мураптар системасы эскирди. Анан кантип биз суу жеткирмек элек?» — деди Манас Саматов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM