Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан Түрк кеңешинин алдында маданий мурастарды сактоо фондун түзүүнү сунуштады

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Июн 2021 | 549 | 0

Өзбекстан Түрк кеңешинин алдында маданий мурас объекттерин сактоо фондун түзүүнү сунуштады.

Бул демилгени Кокон шаарында өтүп жаткан Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин туризм министрлеринин VI отурумунда Өзбекстандын туризм жана спорт министри Азиз Абдухакимов айтып чыкты.

«Бүгүнкү күнү маданий мурас объекттерин оңдоп-түзөө, калыбына келтирүү, байыркы архитектураны сактоо, келечек муунга өткөрүп берүү — маанилүү маселелердин бири. Бул максатта уюмга мүчө мамлекеттердин каражатына Түрк кеңешинин алдында маданий мурас объекттерин сактоо фондун түзүүнү сунуштайм», — деген ал.

Анын айтымында, аталган каражат биринчи кезекте кеңешке мүчө мамлекеттердин маданият мурастарынын санарип көчүрмөсүн, онлайн платформаны түзүүгө, маданият, тарых, материалдык жана материалдык эмес мурастардын илимий-практикалык изилдөөсүнө жумшалышы керек.

Жыйынга Түркия, Кыргызстан, Казакстан, Азербайжан жана Өзбекстандын министрлери катышууда.

Белгилей кетсек, отурумда пандемиядан кийин туризм тармагын, уюмга мүчө мамлекеттер ортосунда аба каттамдарды жандандыруу, биргелешкен «Зыярат саякаты» долбоорун ишке ашыруу маселелери талкууланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM