Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров 27-июнда расмий сапары менен Түркмөнстанга барат

Кыска кабар | 24 Июн 2021 | 493 | 0

Президент Садыр Жапаров 27-28-июнь күндөрү расмий сапары менен Түркмөнстанга барат. Бул тууралуу Президенттик Администрациянын маалымат кызматы билдирди.

Иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен тар жана кеңейтилген форматта эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Эки өлкөнүн лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын, ошондой эле аймактык жана эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашат.

Андан ары, 28-29-июнда президент Садыр Жапаров расмий иш сапары менен Тажикстанга барат.

Иш сапардын жүрүшүндө Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрү күтүлүүдө.

Тараптар эки тараптуу кызматташуунун учурдагы актуалдуу багыттары, анын ичинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы маселелерди талкуулашат.

Садыр Жапаров расмий иш сапары менен Тажикстанга барат

Copyright © 2017 Maral FM