Биз менен байланышыңыз

Путин Рамзан Кадыровдун жаңы мөөнөткө шайланышын колдоду

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Июн 2021 | 303 | 0

Орусиянын президент Владимир Путин Чечен Республикасынын башчысы Рамзан Кадыровдун жаңы мөөнөткө шайланышын колдоду. Бул тууралуу «Риа Новости» агенттиги жазды.

Путин Кадыров менен видеобайланышка чыгып, анын шайлоого катышуусу керектигин айтып, ийгилик каалаган.

«Көп иштер жасалды, жасай турган иштер көп. Сиз натыйжалуу иштеп жатасыз, маселелерди ичинен билесиз. Ошондуктан сиз шайлоого барып, ишиңизди улантышыңыз керек. Мен сизге ийгилик гана каалай алам», — деген ал.

Кадыров Чеченстанды 2007-жылдан бери башкарып келет. Өлкөдө президент шайлоо 2016-жылы сентябрь айында өткөн. Ал эми быйыл 19-сентябрга белгиленген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM