Биз менен байланышыңыз

Эл аралык «Ала-Тоо» университетинде каралган жеңилдиктер

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Июн 2021 | 810 | 0

Эл аралык «Ала-Тоо» университети мектепти мыкты бүткөн жана ЖРТдан жакшы ийгиликтерди көрсөткөн абитуриенттерге жеңилдик берет. Бул тууралуу окуу жайдын кабыл алуу комиссиясынын адиси Аида Бөрүбаева «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Жалпы республикалык тестирлөөдө 110дон 140 баллга чейин алган абитуриенттер окуу жайга тапшырса, толук акысын төлөп окушат. 140 балл алгандар үчүн 5%дык жеңилдетүү каралган. 200 балл алган студент 50%дык арзандатуу менен билим алат. 210 балл алгандарга контракт төлөөдө 75% жеңилдик берилет. 219 баллдан жогору алгандарга, башкача айтканда «Алтын сертификатка» ээ болгондорго 100%дык жеңилдик берилет.

«Андан тышкары студент толук эмес үй-бүлөдөн болсо, мектепти «Кызыл аттестат» менен бүтсө, же ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген болсо, жеңилдик берүүнү караштырабыз. Бул үчүн алар арыз менен кайрылышы керек. Кабыл алуу комиссиясы арызды карап чыгып, чечим кабыл алат. Окуу жайга кирип жатканда берилген жеңилдик студент окууну аяктаганча күчүндө болот», — дейт ал.

«Ала-Тоо» университети студенттерине чет өлкөдөн окууга мүмкүнчүлүк берет»

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM