Биз менен байланышыңыз

«Бишкектеги мамлекеттик мектептердин 70%ында интерактивдүү панель бар»

Кыска кабар , Пикирлер | 23 Июн 2021 | 593 | 0

Интерактивдүү панелдер Кыргызстанда акыркы 3 жылда жакшы колдонулуп баштады. Бул тууралуу «Ханди крафт» компаниясынын өкүлү Медер Сманов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Интерактивдүү панель бор менен жазган тактанын, флип чарттын, проектордун ордуна колдонулуучу жабдуу. Анын пайдалуу жагы окуучунун көңүлүн өзүнө бура алганында. Интерактивдүү панель менен иштеп көргөн окуучу андан алган билимин унутпайт. Панелди видео сабактарда да колдонсо болот. Жарактуулук мөөнөтү 10 жылдан ашат. Мугалимдер бат өздөштүрүп, токко сайып иштете берет.

Медер Смановдун пикиринде, бул панель тууралуу мугалимдер да, окуучулар да жакшы пикирде.

«Биздин шаардык мектептердин 70%ында бирден даана интерактивдүү панель бар. Ал эми жеке мектептердин дээрлик бардыгы мындай панель менен камсыздалган. Көпкө колдонулгандыктан, жок дегенде бирден алып коелу деп, алып жатышат. Ал эми аймактардагы мектептерде айыл өкмөтү аркылуу алгандар бар», — дейт ал.

Анын айтымында, интерактивдүү панелдердин баасы 5-10 жыл мурун 15 миң доллар турчу. Техника өнүккөн сайын арзандап,  2,5 миң доллардан жогору туруп калды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM