Биз менен байланышыңыз

«Билим берүүгө инновациялык технологияларды киргизүү шарт»

Кыска кабар , Пикирлер | 23 Июн 2021 | 714 | 0

Иннвациялык технологиялар аркылуу кыргызстандык окуучуларды өнүккөн мамлекеттердеги окуучулардай эле чоң ийгиликтерге жеткирсе болот. Мындай пикирин «Ханди крафт» компаниясынын өкүлү Медер Сманов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, билим берүү системасында инновациянын көп салымы бар. Биздин системада мектеп бүтүрүүчүсү заманга татыктуу квалификацияга ээ болушу керек. Технологияны билбей, университетке тапшыруу кыйын, карьера түзүү дагы кыйын. Ошондуктан учурда бала бакчадан баштап университетке чейин инновациялык технологиялар сунушталып, киргизилип баштады.

«Биздин билим берүү системасына технологиялар кирип жатат, чоң кадамдар менен болбосо да, бир аз жылыштар бар. Инновациялык жабдуулар көп түрдө болот. Ал биринчи кезекте компьютеризация: мектептерде, университеттерде компьютер, ноутбук болуусу керек. Экинчиден, мультимедиалык жабдуулар, үчүнчүдөн, лингафондук — тил үйрөнүүчү жабдуулар. Төртүнчүсү жана эң актуалдуусу: СТЕМ-илим. Бул — физика, химия, илим багыттары жана инженерия. Дагы башка багыт -робототехника, бул дагы чоң аймак. Бул багыт аркылуу окуучулар программалоону үйрөнүшөт», — дейт Сманов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM