Биз менен байланышыңыз

Быйыл энергетика тармагында дефицит 7 млрд сомго жетиши күтүлүүдө

Кыска кабар , Пикирлер | 23 Июн 2021 | 810 | 0

2020-жылы энергетика тармагы 1 млрд 208 млн сом дефицит менен чыккан. Быйыл дефицит 7 млрд сом болушу күтүлүүдө. Бул тууралуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинин Тариф жана бааны көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Абайылда Адылбек уулу «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, тарифтерди көтөрмөйүнчө, маселе чечилбейт.

«Электр энергиясын үнөмдөө жакшы нерсе. Бирок 100% үнөмдөө мүмкүн эмес, көп болсо, 20-30%га үнөмдөсө болот. Экономикабыз өссө, калкыбыз көбөйсө, бул баары бир жетпейт. Демек бизде жаңы өндүрүштөр көбөйүшү керек, жаңы ГЭСтер же ТЭЦтер салынышы керек. Бүгүнкү күндө аны өз алдынча сала албайбыз, ошондуктан инвестор керек. Инвестор чакырсак, биздин тарифтерди угуп, өзүн-өзү актабайт экен деп, ойлонуп туруп калып атат. Ошон үчүн Камбар-Ата ГЭСи ишке ашпай турат», — дейт ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM