Биз менен байланышыңыз

Дзюдочу Владимир Золоев Олимпиада оюндарына жолдомо алды

Кыска кабар , Спорт | 23 Июн 2021 | 1208 | 0

Кыргызстандык дзюдочу Владимир Золоев Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо алды. Эл аралык дзюдо федерациясы кечээ, 22-июнда Олимпиада оюндарына өткөн спортчулардын тизмесин жарыялаган.

Дзюдочуларга жолдомо эл аралык мелдештерге катышып, топтогон упайларына карап берилген.

Владимир Золоев жолдомону континенталдык квота боюнча алган.

Золоев быйыл Бишкекте өткөн дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионатында 81 килограмм салмакта чемпион болгон.

Эскерте кетсек, буга чейин кыргызстандык спортчулар Олимпиадага спорттун күрөш, сууда сүзүү, жеңил жана оор атлетика, ок атуу, фехтование түрлөрү боюнча жолдомо ала алышкан.

Токиодогу Олимпиада (ошондой эле Паралимпиада) оюндары былтыр өткөрүлүшү керек болчу. Бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу 2021-жылга жылдырылган. Быйыл Олимпиада мелдештери 23-июлдан 8-августка чейин, ал эми Паралимпиада 24-августтан 5-сентябрга чейин өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM