Биз менен байланышыңыз

Токтогул суу сактагычындагы суу былтыркыдан 2,4 млрд кубга аз

Кыска кабар , Пикирлер | 23 Июн 2021 | 571 | 0

Учурда Токтогул суу сактагычында 10,9 млрд куб суу бар. Бул былтыркыга караганда 2,4 млрд кубга азыраак. Бул тууралуу Улуттук энергохолдингдин энергия менен камсыздоо жана генерация башкармалыгынын башчысы Максат Жумабаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, суунун аз келиши 5-6 жылда бир кайталанып турат. Акыркы жолу суунун агымынын азайышы 2014-2015-жылдары кайталанган болчу. Буга тоолуу аймактарга жаандын, кардын аз жаашы себеп.

«Күз-кыш мезгилине план боюнча 12 млрд куб суу менен киришибиз керек. Азыр кышка чейин 12,5-13 млрд куб суу топтолот деген оюбуз бар. Эмне үчүн дегенде, керектөөлөр азайды, ЖЭБдин иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүн көтөрүп жатабыз», — дейт ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM