Биз менен байланышыңыз

Эксперт: Бабанов бул бийлик менен да соодалашат

Саясат | 22 Июн 2021 | 4828 | 0

Бишкек шаардык соту мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановду камакта калтырды.

«Кумтөрдөгү» коррупцияга байланыштуу кармалган экс-премьер-министр, мурдагы депутат Өмүрбек Бабановдун баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн жок. 22-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту аны камакта калтырды.

Бабанов 31-июлга чейин Атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайында болот. Буга чейин жактоочусу аны үй камагына чыгарууну өтүнгөн.

Бүгүнкү сот отуруму жабык өттү. Сот залына Бабановдун жакындары жана журналисттер киргизилген жок. Бир канча убакыттан кийин гана жубайы менен уулу киргизилди. Аны колдоп келген Жогорку Кеңештин айрым депутаттарына да уруксат берилбеди.

Сот имаратынын алдына саясатчынын тарапташтары чогулуп, ишти акыйкат кароону, Бабановдун күнөөсү жок экенин, аны үй камагына чыгарууну талап кылышты.

Саясатчы Өмүрбек Бабановдун апасы азыркы бийлик да мурунку жетекчилердин катасын кайталап жатканын айтты.

— Баары кызматка жеткенге чейин эле турбайбы. Андан кийин кайра эле баягы жол менен кетип жатышат. Биз соттон акыйкаттыкты эле талап кылып жатабыз. Эч болбосо үй камагына чыгарып койсунчу, бала-чакасынын маңдайына.

Өмүрбек Бабанов 31-майда «Кумтөр» долбоорун ишке ашырууда коррупцияга шектелип кармалган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү («Коррупция») менен айыпталып жатат.

2-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту Бабановду эки айга, 31-июлга чейин камакка алуу чечимин чыгарган.

Бабанов өзүнө карата козголгон иш түшүнүксүз жана абсурд экенин айткан. Жактоочусу Амантур Абдрахманов Бишкек шаардык сотунун чечими мыйзасыз болгонун айтууда.

— Өмүрбек Бабановду колдоп, 74 депутат кайрылды, Акыйкатчы, бир катар коомдук ишмерлер анын баш коргоо чарасын өзгөртүүнү, адилеттүү чечим чыгарууну өтүнүштү. Сот ушуга карабай бир гана прокурордун: «Бабанов качып кетиши мүмкүн», — деп айтканына көңүл буруп чечим чыгарды. Эч кандай жагдайларды эске алган жок. Бул — мыйзамды одоно бузуу.

22-июнда Бабановду колдогон митинг Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдында уланды. Ага саясатчынын жубайы жана уулу да катышты. Жогорку Кеңештин депутаты, Бабановдун санаалашы Кенжебек Бокоев соттун чечими тууралуу буларды билдирди:

— Мурунку каталарды кайталап, сот отуруму жабык өттү. Ал жерде Бабановду үй камагына чыгаруу өтүнүчү гана келтирилди, мамлекеттик сыр каралган жок. Биз жөө жүрүш кылып, УКМКнын имаратынын алдына чейин келдик. Анткени ушул жерде тергөөчүлөрдүн чечими, айып коюусу менен Бабанов кармалып отурат.

Менин оюмча, Бабановду камоо – элдин кыжырына тийүү. Ал эч жакка качып кетпейт эле. Төрт жолу депутат, эки жолу биринчи вице, реформатор премьер-министр болгон Бабановду камоонун кереги жок болчу. Азыркы президент да, Атайын кызматтын башчысы да соттордун чечимдеринин айынан запкы жеп, түрмөдө отуруп чыгышкан. Ошол мурунку каталарды кайталабашын суранып, кайрылып отурабыз.

Жакында эле Өмүрбек Бабановдун ишине байланыштуу бир катар коомдук ишмерлер президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасашты. Алардын арасында Апас Жумагулов, Абдыганы Эркебаев, Алтай Бөрүбаев, Накен Касиев, Роза Айтматова жана башкалар бар. Кайрылгандар сотту ачык-айкын өткөрүүнү, Бабановду үй камагына чыгарууну өтүнүштү.

Коомдук ишмер Роза Айтматова акыркы учурда болуп жаткан камоолорго тынчсыздануусун билдирди.

— Мен Өмүрбек Бабановду бала кезинен бери билем. Ал жаштайынан эмгек кылууга көнгөн. Жаш кезинен эле бизнести баштаганын билебиз. Азыр эмне себептен камакка алынганы түшүнүксүз болууда.

Күн сайын бирөөнү кармашты деп угабыз. Кармалгандардын айыбы аныктала электе эле күнөөлөп, жаманатты кыла башташат. Бул туура эмес. Бул жакшы нерсеге алып келбейт.

Ал эми саясатчы Бектур Асанов Өмүрбек Бабановдун күнөөсү жок дегенден алыс. Ал «Кумтөр иши» боюнча болбосо да, башка конкреттүү кылмыш иштеринде айыбын далилдеген фактылары бар экенин айтууда.

— Мага жеткен так маалыматтар бар, Бабановго байланыштуу конкреттүү кылмыш иштери боюнча фактылар келген. Күч структураларындагы жогорку кызматтарда иштеген бир топ кызматкерлер мага жеткиришкен, «сиз айтсаңыз, десеңиз» деп. Мен ал фактыларды Ташиевге бергем (УКМКнын башчысы). Бирок Ташиев ал конкреттүү кылмыш боюнча эмес, «Кумтөр» боюнча иш козгоп койгонуна мен өзүм да түшүнбөй турам.

Бабановдун «Кумтөр иши» боюнча күнөөсү барбы, жокпу, билбейм, бирок башка кылмыш иштери ага жетиштүү. Ошондуктан ал саясатта туруштук бере албай ойт берип, качып-бозуп, сүйлөшүп, келишип, акчанын күчү менен чыгып жүргөнү —  анын таза эмес экенинин далили. Мен айтып жаткан иштер — коомчулук билген, айтылып эле жүргөн иштер. Тергелип бүтүп калган иштерди мурунку бийлик менен сүйлөшүп, жаптырып салган. «Ошону азыркы бийликке айтсаңыз», — деп менден өтүнүшкөн. 

Эми бул иштин аягында Бабанов азыркы бийлик менен деле соодалашууга барат. Себеби бул бийлик да ушул жолду тандап албадыбы. Шайлоонун алдында өз жолдорун тазалоо максатында камадыбы, бирок баары бир сүйлөшүп алышат.

«Кумтөр» иши боюнча 2 айга камакка алынган экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов 8-июнда элге кайрылуу тараткан. Ал «премьер-министр болуп турганда Жогорку Кеңештин депутаттарын убактылуу комиссиянын отчетуна каршы добуш берүүгө үндөгөн» деген айыптарды четке каккан.

«2010-2012-жылдары тарыхта Жогорку Кеңештин депутаттары өз алдынча жана өкмөттөн көз каранды эмес учуру катары калды. Жогорку Кеңеш мени жана менин Өкмөтүмдү кандай катуу сындаганы эсиңиздерде бардыр? Бизди отставкага кетирүүгө аракет кылып, ишеним көрсөтпөө жарыялашкан. Жыйынтыгында, алар максатына жетип, коалицияны ыдыратып, мен 31-августта отставкага кеттим. Андан кийин «Кумтөр» боюнча мамлекеттик комиссия 2012-жылдын 3-июлунда түзүлгөн болсо, мен ошол эле жылдын 31-августунда кызматтан кетип жатсам, кантип комиссиянын ишине кийлигише алмак элем?» — деп айтылат Бабановдун кайрылуусунда.

Учурда УКМКнын, Башкы прокуратуранын жана Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринен түзүлгөн мекемелер аралык тергөө тобу «Кумтөр» алтын кенин иштетүү боюнча долбоорду жүзөгө ашыруудагы коррупциялык фактыларды иликтөөдө. «Кумтөр» кенине байланыштуу мурдагы жана азыркы бир топ аткаминер камалып, сурак берип жатат.

Саясат талдоочу Айданбек Акматов Бабанов мурунку бийликтегилер менен соодалашып келген деген ойду кубаттайт. Бирок «Кумтөр» ишине келгенде кырдаал башкача болуп чыкты.

— Азыркы бийлик 2012-жылдагы Садыр Жапаровдун «Кумтөрдүн» ишин тескөө боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиясындагы жагдайга таянгысы келип жатат. Ошол депутаттык комиссиянын чечимдери эмне себептен кабыл алынган эмес? «Центерра» ошол кездеги депутаттарга, төрага болгон Асылбек Жээнбековго, өкмөт башчы болуп турган Өмүрбек Бабановго эмне берген? Булардын пикирлерин эмне өзгөрткөн? Мына ушул жагдайларды аныктап чыгууга булар катуу киришкендей болуп жатат.

Ошол кезде да ар кандай ушактар чыккан. «Центерра» бийликти сатып алыптыр», «антиптир-минтиптир» деп. Азыр эми ошонун баары акталып-такталышы керек дегендей жагдай болуп жатат окшойт. Себеби, мунун мааниси абдан чоң. Эгерде Кыргызстан эл аралык арбитраждык сотко бара турган болсо, буга чейинки келишимдердин баары коррупциялык жол менен болгонун далилдеши керек. Анчүн ички бийликтегилердин пара алганы далилдениши керек. Эл аралык арбитраждык сотто бул аргумент болуп бериши керек».

Өмүрбек Бабанов 2011-2012-жылдары премьер-министр болгон. Ага буга чейин козголгон иштер токтотулуп, бюджетке жүз млн сом төккөн. Бабанов «Кумтөр» боюна козголгон кылмыш ишинде күнөөсү жок экенин айтып келет.

Copyright © 2017 Maral FM