Connect with us

Логистикалык борбор: Ат-Башынын тургундары каршы эмес

Кыска кабар , Саясат | 21 Июн 2021 | 5248 | 0

Ат-Башы районуна индустриалдык-логистикалык соода борборун куруу буга чейин да көтөрүлүп, бирок катуу нааразычылыктан соң, маселеге убактылуу чекит коюлган.  Жакында эле президент Садыр Жапаровдун Нарын облусуна жасаган иш сапарынын алкагында бул маселе кайрадан козголду. Мамлекет башчысы жакынкы жылдарда Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү боюнча пландарына токтолуп, жергиликтүү тургундардын макулдугу менен Ат-Башы районуна индустриалдык-логистикалык соода борборунун курулушун баштоо зарыл экенин айтты. Аталган борбордун канчалык зарылчылыгы бар жана анын иштеп өңүгүп кетүүсү канчалык реалдуу? Бул боюнча логистика багытын жакшы билген эксперттердин пикирин чогулттук.

Садыр Жапаров Нарын облусуна жасаган иш сапарында облусту жакшы өзгөрүүлөр күтүп жатканын айтты. Ал жергиликтүү тургундардын макулдугун алып, Ат-Башы районуна индустриалдык-логистикалык соода борбор курулушу зарыл экенин айткан. Бул тууралуу президенттин пресс-катчысы Эрбол Султанбаев билдирди. Анын айтымында, бул долбоор Нарын облусунун экономикасын көтөрөт жана 30 миң жаңы жумушчу орун түзүлөт.

«Президент Садыр Жапаров соода-логистикалык борбор дотациядагы аймак болуп саналган Нарын облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө чоң өбөлгө болуп берерин билдирди. Долбоорду ишке ашырууга ар кайсы өлкөлөрдөн инвесторлор каражат салууга даяр. Мындан сырткары, Садыр Нургожоевич инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдө биринчи кезекте жергиликтүү элдин пикири эске алынышы керектигин белгилеп келе жатканын айтып, ушул багытта эл менен кеңешүүгө келгенин кошумчалады. Өлкө башчы эгерде ат-башылыктар такыр эле каршы чыгышса, анда соода-логистикалык борборду башка аймакка куруу маселеси каралышы мүмкүн экенин да кошумчалады. Ат-Башы районунун эли жер маселесин өз убагында чече албаган буга чейинки жергиликтүү бийликтин ишинен улам аталган долбоорго каршы чыгып келишкенин айтышты. Аталган долбоорду колдошорун, болгону логистикалык борбордун курулушу кандай пайда алып келерин элге жакшылап түшүндүрүү зарылдыгын белгилешти», — деди Султанбаев.

Инвестицияларды коргоо жана илгерилетүү боюнча министрликтин алдындагы инвестицияларды коргоо бөлүмүнүн башчысы Нурлан Арипов Ат-Башы районунун жергиликтүү тургундары каршы эместигин белгилейт. Ал логистикалык борборду Нарын облусуна өтө керектүү долбоор катары эсептейт. Себеби күч алган миграция токтойт, жумушчу орундар түзүлөт жана облустун экономикасы кыйла жогорулайт. Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн Пакистандын, Кытайдын, Өзбекстандын жана Түркиянын инвесторлору менен сүйлөшүп, аларга жакшы шарттарды сунуштоо керек.

«Логистикалык борборго жергиликтүү тургундар каршы болушкан жок. Демек сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, куруу иштерин баштай берсек болот деп ойлойм. Нарын облусу аябай суук, бардык эле инвесторлор бара бербейт, албетте. Ошондуктан Пакистандан, Кытайдан, Өзбекстандан жана Түркиядан инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, алар кызыга турган шарттарды, мүмкүнчүлүктөрдү сунушташыбыз керек», — деди Арипов.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Өмүрбек Абдрахманов Ат-Башы району соода-логистикалык борбор үчүн ылайыксыз, цивилизациядан алыс жер деп сыпаттады. Ал жерде инвесторлор үчүн эч кандай шарттар, ошондой эле темир жолу да жок экенин кошумчалады Абдрахманов. Ал логистикалык борбор куруу зарыл, бирок анүчүн башка ыңгайлуу аймак тандалышы керектигин белгилеп, шарттарын эсептеп берди.

«Ат-Башы 6 ай суук, жумушчулар жашаганга ылайыксыз, көптөгөн жылуу тамдарды салуу керек, электроэнергия жетишсиз, индустрия кесибинде иштегендер жок, тыштан баргандарга батирлер да жок, цивилизациядан алыс, темир жол да жок. Ат-Башыга кайра жүктөө базасын курса болот. Кытай фуралары жүгүн түшүрүп кайра артка кеткенге. Анан жүктү кыргыз фуралары ташымак. Логистикалык борбор менен индустриалдык зонаны Балыкчы шаарынын Кочкор тарабындагы ээн жерге салса болот. Индустриалдык зонага мыкты шарт түзүп, экспорттук максаты бар Кытайдын трансулуттук компанияларын келтирүү керек. Балыкчы — тогуз жолдун тоому, өнөр жайы, жумушчулары көп, сырттан да жумушчулар келмек, темир жол бар жана электроэнергия жетиштүү», — деди Абдрахманов.

Аталган логистикалык борборду Ат-Башы районуна куруу экономикалык жактан эч бир пайдасы болбойт. Мындай пикирин Түркиядагы жеке ишкер Айбек Сарыгулов Фейсбук баракчасына жазды. Ал борборду куруунун башка кооптуулугуна токтолду. Сарыгуловдун айтымында, бул иште айтылбаган жагдайлар бар. Ал борбор Кыргызстандан чийки затты Кытайга алып кетүү үчүн керек. Ал эми Кытайдан эски, ал жакта иштетүү уруксаты бүткөн заводдорду алып келип, кыргыздын сырьёсун Ат-Башыда иштетип, керексиз таштандыларды калтырып, даяр чийки затты чыгарып кетүү үчүн логистикалык борбор куруу Кытай тарап үчүн керектүү жана экономикалык жактан пайдалуу деп эсептейт.

«Ат-Башыга логистикалык борбор ачуунун логистика үчүн эч бир пайдасы жок. Ат-Башыда Бишкектен башка бир жакка жол барбы, ал жакта логистикалык борбор куруп, ал жерден жүктөрдү бөлүштүрүп кеткенге? Албетте жок. Анда кайсыл акылы башында болгон логист ал жакка андай кайра жүктөө база салмак эле. ЕАЭБдин ичинде бир аз шылуунданып, товардын дайындоосун же ээсин алмаштыруу үчүн десеңер, ал үчүн Нарында СЭЗ бар, колдонулбай турат. Индустрия десеңер, баары бир ал жакта өндүрүлө турган өнүмдөр Бишкекке ташылып келе турган соң, акылы башында өндүрүшчү Чүйдөгү даяр инфраструктураны Ат-Башыга алып барбайт. Кандай десеңер да логистикалык мааниде да, өндүрүштүк мааниде да Ат-Башыга айтылып аткан борбор куруу экономикалык жактан эч бир пайдасыз болору айдан ачык», — деди Сарыгулов.

Белгилей кетсек, Нарын облусуна логистикалык борборду куруу демилгесине жергиликтүү тургундар өткөн жылы катуу каршы болуп, митингдерди уюштурушкан.

Көпчүлүк эксперттердин айтымында, Нарын облусунун Ат-Башы районуна соода-логистикалык борбор куруу кооптуу жана пайдасыз.

Copyright © 2017 Maral FM