Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти гриппке каршы вакцина сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды.
Департамент вакцинаны 33,5 млн сомго сатып алууну пландоодо.
Тендер бүгүн, 21-июнда жарыяланып, арыздар 13-июлга чейин кабыл алынат.
Тендердин шартына ылайык, вакцина келишим түзүлгөндөн кийин 20 күндөн кечиктирилбей алынып келиши керек.