Биз менен байланышыңыз

Өлкөдөгү эпидемиологиялык абал турукташканга чейин чектөөлөр алынбайт

Коом | 21 Июн 2021 | 1752 | 0

Өлкөдө коронавируска чалдыккандар күн сайын көбөйүп баратканын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Жугуштуу илдеттен сактануу максатында мамлекет тарабынан керектүү шарттар түзүлүүдө. Эпидемиологиялык кырдаалдын күчөп баратканына байланыштуу кошумча стационарлар даярдалып, дары-дармектин 2-3 айга жетерлик запасы камдалган. Учурда COVID-19 илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу үчүн мамлекет тарабынан бир катар чектөөлөр киргизилди.

21-июнга карата Кыргызстанда коронавирус 585 адамдан табылды. Бүгүнкү күнү өлкөнүн ооруканаларында 2 миң 403 адам, ал эми амбулатордук түрдө 4 миң 803 бейтап дарыланууда. Ооруканаларда дарыланып жаткандардын ичинен 24 бейтаптын абалы канааттандырарлык, 1 миң 566 адамдын абалы орто оор, 712 киши оор жана 101 бейтап өтө оор абалда.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова коронавируска чалдыккан жарандарды кабыл алуу жана дарылоо үчүн өлкө боюнча бош койкалар, дары-дармек, керектелүүчү каражаттар жетиштүү экенин билдирди.

«Кошумча орундарды даярдоо боюнча тийиштүү адистерге тапшырмалар берилген. Учурда Чүй облусунда жана Бишкек шаарында бейтаптарды кабыл алуу үчүн орундар жетиштүү. Мындан сырткары дагы кошумча бош орундар ачылат. Коронавирустук инфекцияны дарылоо боюнча Дары-дармек департаментине жана Милдеттүү камсыздандыруу фондуна тапшырмалар берилген. Бейтаптарды 2-3 айга жете турган дары-дармек менен камсыздоо үчүн тийиштүү иштер жүрүп жатат. «Кызыл зонада» иштеген дарыгерлердин да өздүк каражаттары жетиштүү. Бардык жарандарды санитардык нормаларды сактоого чакырам. Беткап тагынуу, физикалык аралыкты сактоо, колду самын менен улам жууп туруу жана антисептик менен колду тазалап туруу зарыл. Эки этап менен 8 миң койка ачылат деген буйрук чыккан. Бүгүнкү күндө 3 миң 500дөй койка ачылган. Анын ичинен 1 миң 200 койка бош».

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгеринин орун басары Айнагүл Рыскулбекованын айтымында, мамлекет тарабынан киргизилген чектөөлөр өлкөдөгү эпидемиологиялык абал турукташканга чейин уланат. Ал коюлган талаптар, алардын аткарылышы жана көзөмөлдөнүшү туурасында маалымат берди.

«Элементардык эрежелер сакталышы керек. Ресторандарда, тамактануучу жана коомдук жайларда 50%дык чектөө каралган. Ар бир жетекчиге жоопкерчилик жүктөлдү. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан талаптардын тизмеси берилди. Өкмөттүн чыгарган 244-токтомуна ылайык, баары коюлган талаптарды аткарууга милдеттүү. Биз атайын санитардык көрсөтмө бергенбиз. Жоопкерчилик мекемелердин жетекчилерине жүктөлгөндөн кийин, алар аткарышы керек. Чектөөлөрдү көзөмөлдөө үчүн атайын тийиштүү органдардын алкагында комиссия түзүлдү. Азыркы учурда чектөөлөрдү бузган мекемелер боюнча 800дөн ашык протокол түзүлүп, 2 млн сомдон көп айып пул салынды. Эгерде бир эле мекемеге 2-3 жолу ушул протокол түзүлө турган болсо, жетекчи же ошол мекеменин иши тийиштүү органдарга тапшырылсын деген чечим чыккан».

Ал эми дарыгер Абдрасул Турдиев вирус жугузуп алган жарандар өзүнө керектүү медициналык жардамды убагында албаса, өз алдынча дарылангандан улам оорусун күчөтүп алышы мүмкүн экенин айтты. Өлкөнүн бардык аймактарына күндүзгү жана түнкү стационарларды ачуу менен бул илдеттин алдын алса болот.

«Ар кайсы инфекциянын түрү менен ооруган адамда ошол ооруга каршы антитело пайда болот. Кийин кайра ооруй турган болсо, жеңил өтөт же жукпайт. Ал эми азыркы учурда 3-толкун өлкөдө баштала элек. Бул жөн гана алдын ала айтылган божомол. Бирок чынында, вирусту жугузуп алган бейтаптардын саны көбөйүүдө. Вакцина алуу да антителону пайда кылат. Бирок, «вакцина алсам, оору такыр жукпайт» деген ойдон алыс болуу керек. Учурда ар бир адам санитардык нормаларды сактап, адам көп чогулган жерлерге барбай турганы маанилүү. Чет өлкөлөрдө бул вирустун түрлөрү чыгып жатат. Ошондуктан ар бир адам ушул оорунун белгилерин сезсе, дароо тийиштүү жерлерге кайрылып, алдын алуусу шарт. Коронавирусту жайылтуудан сактанышыбыз керек».

Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирус жуктурган жалпы 115 миң 615 учур катталды. Анын ичинен 105 миң 410 адам оорудан айыгып чыкты, 1 миң 937 бейтап каза болду. Эгерде адамдын организминде S-белогуна же анын көпчүлүгүнө антителолор бар болсо, анда коронавирустук инфекцияны жуктуруп албоого кепилдик бар.

Copyright © 2017 Maral FM