Биз менен байланышыңыз

Индияда коронавирустун дагы бир штаммы аныкталды

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Июн 2021 | 476 | 0

Индиянын Махараштра штатында коронавирустун жаңы штаммы аныкталып, ага «дельта плюс» аты берилди.

Жаңы штамм Махараштранын Палгхар аймагында, Нави-Мумбаи жана Ратнагири шаарларында аныкталган. Учурда жаңы штамм 20 кишиден табылган. Анын үлгүлөрү лабораторияга текшерүүгө жөнөтүлгөн.

Белгилей кетсек, Индияда пайда болгон коронавирустун жаңы штаммы башында индиялык деп аталып, кийин Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму аны грек тамгасы менен «дельта» деп атоо тууралуу чечим кабыл алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM