Биз менен байланышыңыз

ЖРТ: «Алтын сертификатты» кайсы аймактын окуучулары көп алды?

Кыска кабар | 21 Июн 2021 | 10333 | 0

Бүгүн, 22-июнда Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы чыгып, алгачкы 58 окуучу «Алтын сертификатка» ээ болушту. Анын ичинен эң жогорку баллды (232) Караколдогу Х.Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейинин («Сапат» билим берүү мекемелерине таандык) окуучусу Жайдар Нургазиев алды.

Ал эми «Алтын сертификаттардын» аймактарга карай бөлүнүшү төмөндөгүдөй болду:

Бишкек шаары — 30 алтын сертификат, анын ичинен 12 окуучу Якир атындагы №61 физика-математикалык автордук мектеп-лицейинин бүтүрүүчүлөрү.

Ысык-Көл облусу — 3 алтын сертификат (2 сертификат Х.Карасаев атындагы Ысык-Көл  балдар лицейи, 1 сертификат Караколдогу №2 орто мектебине таандык)

Баткен облусу — 3 алтын сертификат, (Кадамжай-Семетей лицейи, Баткен шаарындагы облустук мектеп-гимназиясы, Кызыл-Кыя шаары №2-мектеп)

Талас облусу — 3 алтын сертификат (Талас районундагы Жумагул уулу Алымкул мектеби, «Мээрим-Себат» кыздар лицейи, «Манас-Ата-Себат» балдар лицейи)

Ош облусу — 3 алтын сертификат («Ноокат Билимкана» орто мектебинен 2 окуучу, дагы бир сертификат Өзгөн району А. Тангатаров атындагы мектеп-гимназиясы)

Ош шаары — 2 алтын сертификат (№20 Раззаков атындагы мектеп, У. Салиева атындагы мектеп-интернаты)

Нарын облусу — 2 алтын сертификат (Ак-Талаа районундагы С. Атамбеков атындагы орто мектеби, Нарын шаарындагы Субакожоев атындагы балдар лицейи)

Жалал-Абад облусу — 2 алтын сертификат (Аксы районунун С. Сопуев атындагы орто мектеби, Жалал-Абад шаарындагы №1 мектеп-гимназиясы)

Чүй облусу — 1 алтын сертификат (Кеминдеги №2 орто мектеби)

Калган 11 сертификат буга чейин мектепти бүтүп кеткен, ЖРТны кайра тапшырган бүтүрүүчүлөргө таандык.

ЖРТнын жыйынтыгы: «Сапат» лицейлеринин бүтүрүүчүсү биринчи болду (тизме)

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM