Биз менен байланышыңыз

Орусия АКШнын жаңы санкция салуу тууралуу билдирүүсүнө жооп кайтарды

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Июн 2021 | 386 | 0

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова АКШнын Орусияга жаңы санкцияларды киргизүү тууралуу билдирүүсүнө жооп кайтарды.

Эскерте кетсек, буга чейин АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан Америка Кошмо Штаттары  Алексей Навальный менен байланышкан кырдаалдан улам Орусияга каршы жаңы санкцияларды салууга камынып жатканын билдирген. Андан тышкары «Түндүк агым-2» долбоорун ишке ашырып жаткан Орусиялык компанияларга да санкция киргизүүсүн улантарын кошумчалаган.

«Качантан бери АКШ мыйзам боюнча жашап калган? Анын химиялык куралды тыюу салуу боюнча уюмда алып барган иши бир да мыйзамга туура келбейт. АКШ «мыйзам» деп айтуудан мурда Югославия, Иракта өлтүрүлүп, майып болгондор үчүн өздөрүнө санкция салып, жазалансын», — деп жазды Захарова Telegram-каналына.

АКШ Орусияга карата жаңы санкцияларды киргизүүгө камынууда

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM