Биз менен байланышыңыз

Индияда COVID-19 боюнча кырдаал акырындан оңолууда

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Июн 2021 | 426 | 0

Акыркы бир күн ичинде Индияда коронавирус жуктурган 53,2 миң учур катталды. Индиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргендей, ал акыркы 88 күн ичиндеги эң төмөнкү көрсөткүч болуп эсептелет.

Былтыр пандемия башталгандан бери Индияда 29,9 млн адам коронавирус жугузган. Алардын ичинен 28,8 млн киши оорудан айыгып чыккан, 388 миң адам каза болгон. Азыркы тапта коронавирустан 702 миң киши дарыланууда.

Дарыгерлердин айтымында, эки жума катары менен ооруга чалдыккандардын саны 100 миңден аша элек. Ал коронавирустун экинчи толкуну басаңдай баштаганын көрсөтүүдө.

Бүгүнкү күнү Индияда 280 миллиондон ашык киши COVID-19га каршы эмделген (калктын 20%ы). Алардын ичинен 51 миллиондон ашык адам вакцинанын эки дозасын алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM