Юстиция менен Экономика жана каржы министрликтеринде статс-катчылар алмашты. Бул тууралуу Юстиция министрлигинен билдиришти.
Экономика министрлигинин статс-катчысы Абдухалык Шамшиев ротация тартибинде Юстиция министрлигинин статс-катчы кызматына которулса, Юстиция министрлигинин статс-катчысы Улугбек Календеров Экономика жана финансы министрлигине статс-катчы болуп барган.
Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрага Улукбек Марипов кол койгон.