Марал Радиосу

Юстиция менен Экономика министрликтеринде статс-катчылар орун алмашты

Юстиция менен Экономика жана каржы министрликтеринде статс-катчылар алмашты. Бул тууралуу Юстиция министрлигинен билдиришти.

Экономика министрлигинин статс-катчысы Абдухалык Шамшиев ротация тартибинде Юстиция министрлигинин статс-катчы кызматына которулса, Юстиция министрлигинин статс-катчысы Улугбек Календеров Экономика жана финансы министрлигине статс-катчы болуп барган.

Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрага Улукбек Марипов кол койгон.

Exit mobile version