Биз менен байланышыңыз

Обончу Хабибулла Азиреткулов: Адамдын баа-баркы арзандап кетти

Чыгармачылыкка 3 жашында аралашкан атактуу обончу, аткаруучу Хабибулла Азиреткулов  «Мен жана мезгил» программасында конокто болуп, улуу жолдун бийиктиги жана кызыгы, кемчилиги жана оорчулугу жөнүндө кеп салып берди.

— Маекти обончулук өнөр туурасында баштасак…

— Тага журтум комузду чебер черткен инсандар болгон экен. 3 жашымда Абдыкаары байкем мандалин алып келди. Аны талашып чертип олтуруп, 4-5 жашымда кадимкидей үйрөнүп калгам. Мектепте конкурстарга катышып жүрдүм. Олтургучка олтургузуп коюшса, бутум жерге тийчү эмес (күлүп). Өкүнгөнүм: ошол кезде жол көрсөткөн устатым болгондо, башкача болмок беле. Анткени нотаны жогорку окуу жайда гана тааныгам.

— Бул өнөр аркылуу кандай жолду басып өттүңүз?

— Жөнөкөй адам менен чыгармачыл инсанды салыштырып көрүңүз. Ал экөөндө тең үй-бүлө багуу, иштөө деген миссия болот. Андан сырткары чыгармачыл инсандын дагы бир ошондой түйшүкчүл дүйнөсү бар. Аны жашоо-турмуш менен айкалыштырып, калтырбастан алып кетүү керек. Биздин тарткан түйшүк оор. Ал — төрөлгөндөн баштап, сени менен дайыма бирге жүргөн дагы бир өмүр да. Бул эми кыйынчылыгы. Ал эми артыкчылыгы: калайык-калктын сый-урматы. Сени сыйлайт, колунан келишинче коноктойт. Ар бир инсан бул өмүрдө артында өлбөс-өчпөс из калтыргысы келет да. Обончулардын артында жакшы, өлбөс обондор калышы керек.

— Студенттик күндөрдү кандай өткөрдүнүз? Ал кезде устаттарыңыз кимдер эле?

— Студент кезим абдан жакшы өттү. Ал учурду эстеген сайын толкунданам. Азыр да курсташтар менен жолугуп турамын. Биз обончу Рыспай Абдыкадыровдон сабак алдык. Ал кезде агай 36 жашта болчу. Устаттарым: Лейлек районунан чыккан Бабаравшан Тургунбаев, убагында Орто Азияга белгилүү болгон өтө чебер аккордеончу Эрмек Каримов (ырчы Самара Каримованын атасы — ред.). А киши (Эрмек Каримов — ред.) бул аспапты 3 манжасы менен гана чертчү.

— Ар бир обондун кичинекей тарыхы болот. Обондоруңузга кененирээк токтололу.

— «Айлуу түн» ырынын тарыхын баяндап берейин. А кезде 10-классты бүтүргөн соң, аттестат берерде чөпкө алып чыгышчу. Түштө саат 12ден 4кө чейин баарыбыз эс алчубуз. А мен болсо гитараны алып, талааны аралап кетчүмүн. Бир кырдын чокусуна чыгып, сыдырым соккон жел мага таасир калтырып, «Айлуу түн» деген ырга обон жаралган. Биринчи угуучум апам эле. Үйгө келип угузсам, «Оо, сонун го!» — деди. А киши мага аябай дем-күч берчү. Ылайыктуу сөз таппай жүрүп, эки жылдан кийин баткендик Токсейит Дыйканов деген байке сөзүн жазып берген. Чоң симфониялык оркестрдин коштоосунда Дарика Жалгасынова эжебиз да ырдаган. Азыркы учурда жаш ырчыларыбыз ырдап, экинчи өмүр берип келатышат.

— «Эстелик» деген ыр дүйнөлүк фестивалдын лауреаты болгон. Бул обондун жаралуу тарыхы туурасында айтсаңыз?  

— «Эстелик» ырына обонду мен 25 жашымда жаздым. Жыл сайын 9-майда согуштун ардагерлери менен мектептин окуучуларынын жолугушуусу болот эле. Өзүмдүн таятам согуштун II топтогу майыбы болчу. Кандуу жылдардагы окуялардан көп айтып берчү. Угуп атып, абдан таасирленип калчумун. Кийин согуш темасында обон жаратуу максатым пайда болду. 1979-жылдары жогорку окуу жайга окуп калганымда Ооган окуясы башталды. Ошол кезде биз жашаган жатакананын артында поезддер көмүр жүктөп келишип түшүрөр эле. Бир күнү балкондо жатсам, өкүрүк-кыйкырык угулду. Карасам, согуштан курман болгондордун сөөгүн жүктөп келишкен экен. Ошондо денем чымырап, таптакыр уктай албай койдум. Кийин бир гезиттен «Улуу Жеңиштин 40 жылдыгына карата өткөрүлө турган бүткүл дүйнөлүк фестиваль үчүн патриоттук ырлар арасында конкурс жарыяланат» деген жарнакты көрүп калып, айылга атамдыкына барып, обон жаратууну чечтим. Үйдө олтурсам, сыналгыдан согуш жөнүндө, баласы башынан жаракат алып, эненин ыйлаганы туурасында фильм болуп жатыптыр. Ошол кино бүтөрү менен обон жараттым. Биринчи эле «Эстелик, жанына келип» деген кайырмасы чыкты. Обонду толугу менен жаратып бүтүп, апамды чакырып угуздум. Ыраматылык апам ыйлап кабыл алды. «Аябай эле кайгылуу жазып салыпсың», — деди.  Анан сөзүн райондо иштеген Атакул Жакыпов деген абдан мыкты агам жазып берген.

— «Коштошуу вальсы» жөнүндө да айта кетсеңиз…

— Бул ырга обон 1995-жылы чыккан. Ал кезде мен Чүй театрында иштечүмүн. Бир күнү акын Кыялбек Урманбетов үйүнө чакырып калды. Экөөбүз түнү менен уктабастан ырлар жөнүндө сүйлөшүп олтурдук. Кетерде кичинекей китепче берди. Жарым бөлүгү атасынын, калган жарымы өзүнүн ырлары экен. Үйгө келип барактасам эле, көзүмө дароо эле «Коштошуу вальсы» урунду. Бирок, тилекке каршы, «обону Мукан Рыскулбековдуку» деп жүрөт. «Каап, кечигиптирмин!» — дедим. Бирок, ал ыр мага тынчтык бербеди. Сөздөрү тим эле укмуш. Анан обонун чыгарып, Кыялбекке барып, угузсам, ал жогорку баа берди. Кийин театрда ырдап жүрдүм. Элмирбек Иманалиев бул ырга өзүнчө түс берип, дастан сыяктуу жанрда ырдап, жүрөккө жеткирген.

— Жакшы обон чыгышы үчүн жүрөктө махабат сезими жашашы керекпи?

— Ар бир чыгармачыл инсанда ички-тышкы таасирлер болот. Ошондон улам обон жаралат. Анан булардын эң эле негизиси — махабат темасы. Мисалы, мен күн бүркөлүп турган учурдан таасирленип, обон жаратам. Аккордеонду биринчи жолу 6-классымда үйрөндүм. Азим деген агайыбыз химия, биологиядан сабак берчү. Аккордеонду да мыкты чертчү. Ал бизге ийрим ачып үйрөткөн. Бир кемчилигим, кийин көп жыл бою бул аспаптан алыстап кеттим. Себеби, жашоо-турмушка байланыштуу болгон.

— Лейлек районунун Көк-Таш айылы туурасында сөз кылалы. Кичи мекениңизге соңку учурда качан бардыңыз?

— Шартка байланыштуу жылына бир жолу же ар кандай чакыруулар болуп, барып калбасам, ал жактан бир кыйла алыстап калдык. Бирок, киндиктин бир учу ошол туулган жериң менен туташ да. Аны 1 секунд да унутууга мүмкүн эмес. Айылым асман тиреген тоонун этегинде жайгашкан. Балалык учурда тоого эшек минип барып, отун алып келчүбүз. Андан ары Кыргызстанга бир тыйын пайдасы жок, түз эле Тажикстанга өтүп кеткен Ак-Суу деген дарыябыз бар. Айылга биринчи барганда атам менен апама барам, андан ары жыңайлак баскан издерим калган жерлерди кыдырам, табияты абдан кооз.

— Азыр 62 жаштасыз, 30 жаштагы Хабибулланы сүрөттөп, элестетип көрсөк…

— Мен ал кезде абдан түптүз, куулук-шумдугум жок болчу. Кийин досторум мага «линейка» деп каймана ысым ыйгарып да коюшкан (күлүп). Ошондой мүнөзүмдүн айынан мага келген бардык дөөлөттөрдөн кур калгам. Бир эле мисал айтып берейин. Ошол кезде болгон окуя. Ал адамдардын ысымдарын атабайм. Бир адам президенттикке талапкер болду. Мен ал кезде Разнапромдо батирде жашачумун. Бир күнү кесиптештердин арасынан бир кыз чуркап келип, шаштырып калды. «Болуңуз, болуңуз», — дейт. «Ой, эмне болду?»-десем айтпайт. Келинчегиме: «Жеңе, кийинтиңиз, бир жерге барабыз», — деп коет. Сыртка чыксам бир төкмө акыныбыз «Волга» маркасындагы машина менен туруптур. Анан бир атактуу кишинин үйүнө бардык. «Азыр президенттикке талапкер келет», — дешти. Бир аздан соң келди. Дасторкон үстүндө: «Мен президент боломбу же болбой каламбы, айтор, анын силерге тиешеси жок. Мен силерди тааныйм, абдан сыйлайм. Болгону, мени менен бир ай жүрүп, жанымда ырдап берип койгула. Кааласаңар, бирден үй, автоунаа алып берейин. Бул менден эстелик катары болот. Кийин да өмүр бою силер менен жакшы мамиледе болуп, материалдык, моралдык жардамымды көрсөтүп турам», — деди. Эми бул жерде «алтын балык» кармап алгандай эле болдук. Бул нерсени чогуу иштеген таанышыма айтсам: «Сенин мээң иштейби? Азыркы президенттин адамдары сени атып салса эмне болот?! Жөн жүр», — деди. Бул эми мындай окуялардын бир гана чети. Астыма «ме, ал» деп турган учурда жанагы куулук-шумдук мүнөзүм жоктугунун айынан кур калгам.

— Балдарыңыздын арасында сиздин изди баса тургандары барбы?

— Кичүү уулум Рустам менин жолумду жолдоп, консерваторияны аяктады. Комузду абдан жакшы чертет. Бирок, жашоо-турмушка байланыштуу чыгармачылыктан алыстап жүрөт.

— Обончу катары, жаш обончуларга болгон көз карашыңыз?

— «Мурун келген конок, кийин келген конокту сүйбөйт» дегендей болбосун. Бирок, ачуу чындыкты айтышыбыз керек. Бизге чейинки залкар обончу, ырчылар кыргыздын нукура колоритин жоготпой, бир башкача жанрда ырдап чыгышкан. Анан Түгөлбай Казаковдун бир айтканы бар: «Биз обон чыгарсак, бизден улуулар: «Силер бузулдуңар», — деп айтышкан», — деген. Себеби, бизге чет өлкөнүн аспаптары келип, башкача нуктар ырлар жаралып баштаган. Кыргыздын ырларынын бир өзгөчөлүгү: толугу менен гармонияга жооп бере алат. Азыркы таланттуу обончулардын арасында мыктылары бар. Ошолордун эле катарында «эптепмейлер», тойлордон акча табуу максатында бир-эки обон, ыр чыгара калгандарын да жашыра албайсың.

Мурун обончулар жоопкерчилик менен иштечү. «Кайрыктары чала болуп калган жокпу? Элге жагабы бул обонум?» деген түмөн түйшүктүү ойлор жатчу көрөңгөдө. Жаңы обон жаралганда комиссиядан өтчү. Композиторлор жана акындар ал ырыңды жиликтеп, талдап, анан себебин айтып беришчү. Керек болсо, мындай комиссиядан Рыспай Абыдкадыровдун ырлары өтпөй калган. Көзөмөл, талап ошондой болгон. А азырчы?! Кээде абдан ыза болом. Анткени, адамдын баа-баркы абдан арзандап кетти. Ошону менен бирге обондор да төмөн, начар! Кандай гана кайрык болбосун, кыргыздын нукуралуулугу сакталышы керек, «улуп-уңшуп» ырдагандын кереги жок. Азыркыларга караганда Кытайлык кыргыздар так, туура улуттук колоритти сактап ырдашат.

— Учурда эмне менен алексиз? 

— Чыгармачылык — каның менен келип, сөөгүң менен кете турган нерсе. Азыркы тапта жаңы обондор жаралып жатат. Буюрса, жеке концертимди берүү планымда бар. Колум бошой калса эле ушул жан дүйнөмдү арбап алган талант менен  алпурушам.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM