Биз менен байланышыңыз

Бир суткада 619 адамдан COVID-19 табылып, 5 бейтап каза болду

Кыска кабар | 12 Июн 2021 | 573 | 0

Кыргызстанда 12-июнга карата коронавирус дагы 619 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.

Бишкек шаарында – 273, Ош шаарында – 110, Чүй облусунда – 99, Ош облусунда – 57, Талас облусунда – 7, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 22, Жалал-Абад облусунда – 26, Баткен облусунда – 20 адамдан илдет табылган.

Бир суткада 296 адам: Бишкек шаарында – 142, Ош шаарында – 41, Чүй облусунда – 42, Ош облусунда – 13, Талас облусунда – 4, Нарын облусунда – 7, Ысык-Көл облусунда – 26, Жалал-Абад облусунда – 19, Баткен облусунда – 2 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 4, Ысык-Көл облусунда – 1 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү 1 миң 949 бейтап стационарларда жатат. Анын 1 миң 255и орто оордукта, 585и оор, 90 бейтап өтө оор абалда. Ал эми үй шартында 2 миң 613 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 23 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 857 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 669 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 109 миң 812 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 102 миң 314 киши айыгып чыкса, 1 миң 881 адам каза болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM