Биз менен байланышыңыз

Кара-Суу шаарында жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт

Кыска кабар | 12 Июн 2021 | 404 | 0

14-июнда Ош облусунун Кара-Суу шаарында жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» компаниясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 1975-жылы ишке берилген Ленин көчөсүндө жайгашкан жапкыч крандарын алмаштырууга байланыштуу 14-июнда саат 09:00дөн 17:00гө чейин Кара-Суу шаарында убактылуу жаратылыш газын берүү токтотулат.

Белгилей кетсек, жапкыч крандары газдын агымын жөнгө салуу үчүн колдонулат.

«Газпром Кыргызстан» компаниясы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM