Биз менен байланышыңыз

Чүйдөгү завод электр автобустарды курап чыгууну пландоодо

Кыска кабар | 11 Июн 2021 | 2118 | 1

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Чүй облусунун бир катар өнөр жай ишканаларын кыдырды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Марипов эл аралык стандарттардын талабына жооп берген металлдан буюм жасаган заводдун иши менен таанышты.

Жакын арада аталган завод электр жана электрогибрид автобустарды кураштырып, өндүрүп баштоону пландаштырууда.

Улукбек Марипов Бишкек шаарынын мэриясына аталган автобустарды сатып алуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштады.

Андан соң ал 2019-жылдын соңунан бери токтоп турган мунайды кайра иштетүүчү «Жунда» заводунун абалын көрүп чыкты. Марипов тиешелүү органдарга ишкананы үстүбүздөгү жылдын сентябрь айына чейин ишке берүүгө көмөк көрсөтүү тапшырмасын берди.

1 пикир

1 пикир

  1. Шабдан

    11.06.2021 22:14

    Джунданы ишке киргизиш алдында килтейген Кара-балта шаарынын тургундарынын ден-соолугуна тийе турган зыянды карасанар боло?

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM