Биз менен байланышыңыз

Орусия Баткендеги кыйраган айылдарды калыбына келтирүүдө көмөктөшүүгө даяр

Кыска кабар | 11 Июн 2021 | 312 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченкону кабыл алды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө бир нече маселе, анын ичинде 28-30-апрелде Баткен облусунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында болгон окуялардын натыйжасында жабыркаган айылдарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү, анын ичинде Орусия тараптын социалдык объектилерди куруу жана калыбына келтирүү ишине көмөк көрсөтүү маселеси талкууланган.

Удовиченко Орусия стратегиялык өнөктөш катары Кыргызстанга колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин белгиледи. Анын айтымында, Баткен облусунда курулушу керек болгон социалдык объекттердин тизмеси Орусиянын тийиштүү органдарынын кароосуна жөнөтүлгөн.

Ошондой эле жолугушууда тараптар Кыргызстанга «Спутник V» вакцинасынын кезектеги партиясын жеткирүү жана аны биздин өлкөдө өндүрүүнү жолго салуу маселесин сүйлөштү.

Жолугушуунун соңунда Жунушалиев элчини мамлекеттик майрамы – Орусия күнү менен куттуктап, ага чың ден соолук жана ишине ийгиликтерди каалады. Аны менен бирге ал Орусиянын өкмөтүнө ар тараптуу көмөгү жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM