Биз менен байланышыңыз

Түркияда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун маданий борбору ачылат

Кыска кабар | 11 Июн 2021 | 114 | 0

Түркияда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун маданий борбору ачылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев билдирди.

Ошондой эле Кыргызстанда да түрк дүйнөсүнүн даанышман, ойчул акыны Юнус Эмренин маданий борбору ачылмакчы.

«Түркия мамлекети менен маданий байланыштарыбыз терең. Биздин башатыбызды жалпы түрк элдерине жана түрк тилдүү мамлекеттерге тийиштүү орток мурастарыбыз бириктирип турат. Ошондуктан маданий борборлорду ачуунун максаты — эки элдин адабиятын таанытуу жана ал аркылуу коомду тарбиялоого, руханий азык тартуулоого түрткү берүү болуп саналат», — деген ал.

Аны менен бирге ал IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2022-жылдын сентябрь айында Түркияда өтөрүн маалымдады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM