Биз менен байланышыңыз

Пакистанда жол кырсыгынан 20га жакын адам каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Июн 2021 | 469 | 0

Пакистандын түштүк-батышында автобус жол кырсыгына учурап, кеминде 19 адам каза болду. Бул тууралуу «Аль-Арабийя» телеканалына таянып, Интерфакс жазды.

Ошондой эле 50 адам ар кандай жаракаттарды алган.

Жол кырсыгы Белужистан провинциясында болгон. Айдоочу бурулушта унааны башкара албай, автобус жол жээгине чыгып, оодарылып кеткен.

Телеканал инфраструктуранын начардыгынан жана эреже сакталбаганынан Пакистанда адам өмүрүн алган жол кырсыктар көп болорун белгилейт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM