Биз менен байланышыңыз

Марипов бизнес-омбудсмен Робин Орд-Смит менен жолугушту

Без рубрики | 11 Июн 2021 | 220 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Кыргызстандын бизнес-омбудсмени Робин Орд-Смит менен жолугушту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Марипов ишкерлердин укугунун жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын корголушун жана алардын мамлекеттик органдар тарабынан сакталышын камсыздоо үчүн бизнес-омбудсмен институтунун иши маанилүү экенин белгиледи.

«Ишкерлердин укугун жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын мамлекет тараптан коргоого алуу Министрлер кабинетинин ишиндеги негизги багыттардан болуп саналат. Биз мамлекеттик органдарды жана бизнес-коомчулукту өлкө экономикасын өнүктүрүү боюнча бирдиктүү ишке багыттоочу көпүрө катары чыгып жаткан бизнес-омбудсмен институтуна колдон келген колдообузду берип, мындан ары карай дагы бул аракетибизди улантууга даярбыз», — деди ал.

Ал белгилегендей, бизнестин укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүүсү боюнча чаралар көрүлүп, маселен, мамлекеттин ишкер субьектилеринин экономикалык ишмердүүлүгүнө негизсиз кийлигишүүсүн токтотуу боюнча иш жүрүүдө жана Финансы полициясы органы жоюлду.

Өз кезегинде бизнес-омбудсмен Мариповго көрсөтүлүп жаткан колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, Министрлер кабинетинин жана институттун натыйжалуу өз ара кызматташуусу маанилүү экенин белгиледи.

Робин Орд-Смит бизнес-омбудсмен институту негизги функционалы менен катар республикадагы ишкерликти жана бизнести өнүктүрүүгө багытталган реформалар боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында максималдуу көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM