Биз менен байланышыңыз

Клара Сооронкулова: Сот реформасында кайра артка кетип жатабыз

Кыска кабар , Пикирлер | 10 Июн 2021 | 459 | 0

Кайсы президент келбесин, ишин «Кумтөрдөн» жана сот реформасынан баштайт. Бирок бул көйгөй дагы деле чечилбей жатат. Мындай пикирин Конституциялык палатанын мурунку судьясы, юрист Клара Сооронкулова «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында өткөн Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин жыйынында жаңы нерсе айтылган жок. Президент сот реформасы боюнча жалпы сөздөр менен гана чектелди.

«Мен бул жыйында чечкиндүү кадамдарды көргөн жокмун, тескерисинче, кайра артка кетип аткан кадамдарды көрүп атам. Алмазбек Атамбаевдин убагында «жарабай калды, эскирди» деп жаңыртылган кодекстердин баарын кайра эски редакциясына алып келгени жатышканы — бир топ кадам артка кеткенибиз. Менде азыр сот системасы оңолуп кетет деген эч кандай иллюзия жок. Биз эски, заманга ылайык келбеген, адам кызыкчылыгына, адилеттикке карама-каршы келген мурунку мыйзамдарды кайра калыбына келтирип атабыз», — дейт ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM