Биз менен байланышыңыз

Интернет-дүкөн ачууда жарнамага акча жумшоо керек

Кыска кабар , Пикирлер | 9 Июн 2021 | 742 | 0

Интернет-дүкөндү ачкандан кийин эң биринчи Гуглдагы жарнамага акча бөлүү керек. Мындай пикирин интернет-маркетолог Милан Мураталиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, буга чейин дүкөн иштетип жүргөндөр электрондук соодага өтүү үчүн сайт ачып жаткан учурлар бар. Жөнөкөй жашоодо дүкөн ачканда контейнер үчүн акча төлөнсө, онлайн соодада жарнама үчүн акча төлөнөт. Ал эми хостинг менен доменге акча төлөө — коммуналдык кызматтар үчүн төлөнүүчү акчадай.

«Дүкөндүн сайтын ачканда миң доллардын тегерегиндеги каражат керек. 500 доллар сайтты иштеп чыгууга, домен, хостингге кетет, дагы 500ү жарнамага, трафикке кетет. Муну дароо жасоо керек. Болбосо, көп адамдар сайт ачып алып колдонбойт. Киши да кирбейт. Бир жыл турат, анан доменге төлөбөй койгондо өчүп калат. Трафик жок дүкөн эч качан сата албайт», — дейт ал.

Анын айтымында, айрым соодагерлер дүкөнүнүн сайтын ачкандан кийин ал автоматтык түрдө  Гуглда пайда болуп калат деп ойлошот. Бул андай эмес. Сиздин дүкөнүңүз Гуглдагы издөөдөн чыгышы үчүн акча төлөп жарнама беришиңиз керек.

«Жарнаманы ар бир интернет-дүкөн ачкан адам өзү деле бере алат. Бирок ары жак, бери жагын түшүнгүчө көп убакыт кетип калат. Ошон үчүн алар адистерге чалып байланышат. Гугл биринчи 50-100 долларга чейинки рекламаны насыяга берет. Төлөбөй эле баштай берсе болот. Короткондон кийин төлөсө болот. Фейсбукта таргет да ошондой», — дейт адис.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM