Connect with us

Талибандар HALO Trust уюмунун 10 кызматкерин өлтүрдү

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Июн 2021 | 424 | 0

Ооганстанда беткапчан согушчандар америкалык-британиялык HALO Trust коммерциялык эмес уюмунун 10 кызматкерин өлтүрүп кетишти. Бул тууралуу жергиликтүү 1TV телеканалы өздүк булактарына таянып билдирди.

HALO Trust уюмунун кызматкерлери Ооганстанда миналарды зыянсыздандыруу иштери менен алектенген.

Ооганстандын түндүк-чыгышында болгон кол салуудан көз жумган 10 кишиден сырткары, дагы 14 адам жарадар болгон.

Бул окуя боюнча ооган бийлигинин расмий өкүлдөрү чабуулду радикалдуу көз караштагы «Талибан» кыймылы жасаганын маалымдаган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM