Биз менен байланышыңыз

Унаанын жаңы ээсин табууга көмөктөшө турган долбоор ишке кирет

Кыска кабар , Пикирлер | 9 Июн 2021 | 2113 | 0

Айып кагаздары унаалардын мурунку ээлерине келип, алар жаңы ээсин таппай жаткан учурлар болуп эле жүрөт. Бул тууралуу Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Ыманалы Саркулов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, кечээ жакында эле тиешелүү министрликтер менен өкмөттүн токтому иштелип чыгып, өкмөт аппаратына берилди.

«Ал токтом боюнча, эгерде транспорт каражаты мага катталган болсо, ким айдап жүргөнүн билбесем, бирок айып кагаздары мага келип жатса, Мамлекеттик каттоо кызматына арыз менен кайрылсам болот. Алар убактылуу ээлик жөнүндө күбөлүктүн шартын токтотот, ал эми токтотулгандан кийин транспорт тиешелүү шартта каттоодон өтпөгөн транспорт катары эсептелип кармалат, унаа айып короого токтотулуп, айдоочудан айып пул өндүрүлөт жана  мындан ары ким ээлик кылары чечилет. Долбоор өкмөткө киргизилди, эми кол коюлса, ишке кирет», — дейт ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM